Салымбеков Университетинин президенти инклюзивдүү билим берүү боюнча эл аралык семинарга катышты

2025-жылдын 12–13-июнунда Салымбеков Университетинин президенти Амангелди Жумадилов инклюзивдүү жогорку билим берүүнү өнүктүрүү боюнча эки күндүк семинарга катышты. Иш-чараны Казакстандагы Erasmus+ Улуттук кеңсеси жана HERE эксперттер тобу Европа Биримдигинин каржылоосу жана Казакстан Республикасынын илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен уюштурду.
Семинар Astana IT University базасында өттү.

Кыргыз Республикасынан жогорку билим берүү реформасы боюнча эксперт (HERE) катары Амангелди Жумадилов Салымбеков Университетинин инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү тажрыйбасын сунуштады.

Семинарга Казакстандын 30дан ашуун жогорку окуу жайлары, Европа Биримдигинен (Хорватия) келген эл аралык эксперттер жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышышты.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланды:
Европа өлкөлөрүнүн жогорку билим берүүдөгү социалдык өлчөм (social dimension) тажрыйбасы;
ЕБнин инклюзивдүү саясаты, анын принциптери, инструменттери жана баалоо көрсөткүчтөрү;
универсалдык дизайн жана универсалдык окутуу дизайны (Universal Design for Learning) боюнча ыкмалар;
коомчулуктун катышуусу (community engagement);
студенттерди колдоо жана алардын жыргалчылыгы (student wellbeing);
инклюзияны институционалдык жана улуттук деңгээлде ишке ашыруу механизмдери.

Семинар инклюзивдүү билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана кесиптик тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү платформа болду.

504837383_18363680236197515_2738919730007156816_n
506036290_18363680176197515_4474550163458091814_n
505766657_18363680185197515_4902809769691281844_n
505413300_18363680194197515_4167695535586489072_n
506057494_18363680149197515_7026619108727063452_n
505474209_18363680260197515_2096390186661895445_n
504837383_18363680236197515_2738919730007156816_n 506036290_18363680176197515_4474550163458091814_n 505766657_18363680185197515_4902809769691281844_n 505413300_18363680194197515_4167695535586489072_n 506057494_18363680149197515_7026619108727063452_n 505474209_18363680260197515_2096390186661895445_n