Агасы минген атты — иниси минет, атасы салган кушту — баласы салат.
Агасын агалай албаган, душманын сагалайт.
Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени.
Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени.
Ага — тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.
Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп.
Агач катуусун курт жыгат.
Агыбайдын тонундай аңтара салба (ала салдырып).
Агын сууда арам жок.
Агын тапсаң аласың, караны тапсаң каласың.
Агын чогулуп сел болот, адам чогулуп эл болот.
Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
Адал болсоң дос көбөйөт, арам болсоң кас көбөйөт.
Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын тарттырат.
Адал иш менен аракет кулду да даражага жеткирет.
Адал ишти айлыңдан аяба, арам ишти аялыңдан ая.
Адал иштин арты — бакыт.
Адал өлсө—бир казан эт, арам өлсө — ит менен кушка жем.
Адал өлсө бир казан эт, арам өлсө бир талпак.
Адал эмгек — абийир таптырат.
Арам эмгек — азабын тарттырат.
Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
Адал эмгек нурдантат арам эмгек кырдантат.
Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.
Адалдын тамыры миң, арамдын тамыры бир.
Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр.
Адам — адам менен адам.
Адам — акылы менен адам.
Адам — эли менен, өрдөк — көлү менен.
Адам (көзү) жок жерде кеп (ушак) кылба.
Адам адам үчүн табылгыс дары.
Адам адам менен адам.
Адам адамга дос, жолдош, бир тууган.
Адам аласы — ичинде, мал аласы — тышында.
Адам аласынан, сөз аласы жаман, от (эт)чаласынан, сөз чаласы жаман.
Адам алсызы — урушчаак.
Адам аракты жутат, арак кийин адамды жутат.
Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
Адам ашка тойсо да, башка (жашка) тойбойт.
Адам баласы тетиксиз сандык, сыртынан сынчы жаңылат.
Адам болмок аста —аста, айбан болмок бир паста.
Адам болор кишинин адам менен иши бар, адам
болбос кишинин адам менен неси бар.
Адам болуу — ураан, адамды билүү — кымбат.
Адам болуу арзан, адамды билүү кыйын.
Адам да көктөмдө арыктайт.
Адам даңк үчүн от менен сууга кирет.
Адам дүйнөдө бир жаралат.
Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт.
Адам жаман эмес, анын кыялы жаман.
Адам жаманы — сопу, жыгач жаманы — соку.

Адам жаманы сопу болот, жыгач жаманы соку болот.
Адам жүргөн жол менен адам жүрөт.
Адам жүрүшүнөн — кул болот, ат жүрүшүнөн — пул болот.
Адам жүрөгү менен күчтүү, жыгач тамыры менен күчтүү.
Адам жолу — улук.
Адам ит жандуу.
Адам өзү ажалдуу болсо да, өлбөс нерселерди жасайт.
Адам өзү карыса да, көөдөнү карыбайт.
Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
Адам өзүнөн эмес, сөзүнөн байкалат.
Адам өлбөсө — айыл башы, сарт өлбөсө — кербен башы.
Адам өлбөсө айыл башы, соодагер өлбөсө кербен башы.
Адам өлөт, атак өлбөйт.
Адам өлмөйүнчө ырыскысы түгөнбөйт.
Адам өлсө даңкы калат, ат өлсө териси калат.
Адам өчкө кудай өч.
Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат.
Адам карыган сайын бала.
Адам катасыз болбойт, көлчүк бакасыз болбойт.
Адам келсе таң аткандай, акмак келсе күн баткандай.
Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.
Адам көптү көрбөй акыл кирбейт.
Адам көркү — адеп.
Адам көркү — чүпүрөк, дарак көркү — жалбырак.
Адам көркү — чүпүрөк, жыгач көркү — жапырак.
Адам кулагынан жаңылат, тулпар туягынан жаңылат.
Адам курсагынан арыктабайт, кулагынан арыктайт.
Адам маңдайга жазылгандан өтө албайт.
Адам менен малдын айырмасы — акылда.
Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
Адам ооруган жеринен колун албайт.
Адам сүйлөшкөнчө, айбан (жылкы) кашынышканча.
Адам сөзгө (кепке) байланат, айбан чөпкө (жипке) байланат.
Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.
Адам темирден катуу, (таштан бек), гүлдөн назик.
Адам тилинен табат.
Адам тирүүлүгү — бейиш, молдонун тирүүлүгү — кейиш.
Адам төрөлсө да, өлсө да койдун шору.
Адам чакырса барбайм деген, аш чакырса калбайм дейт.
Адам ызаатка келет, айбан чөпкө келет.
Адам эли менен, каз — өрдөк көлү менен.
Адам эмгеги менен даңктуу (таанылат).
Адам эмгек менен адам.
Адамга — ишарат, айбанга — келтек.
Адамга адам кымбат.
Адамга өлүм ак. (Өңгө жалган — өлүм ак).
Адамга көрбөгөндүн баары кызык.
Адамга конгон касbет качпайт, бирок издеген киши таппайт.
Адамга кылган жакшылык, айда тийген ай эмес,
күндө тийген күн эмес.
Адамга мал табылышы оңой, адамга адам табылышы кыйын.

Адамга таандык мыкты дөөлөт — достук.
Адамга тубаса акыл бүтпөйт, эмгек менен заман жасайт.
Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.
Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим.
Адамдан айла качып кутулбайт.
Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
Адамды (кишини, жигитти) сөзүнөн тааныйт.
Адамды адам кылып арга үрөгөн үмүт.
Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка.
Адамды алыстан тааныш (байкаш) кыйын.
Адамды билиш үчүн аны менен бирге үч пуд туз жеш керек.
Адамды бузган — байлык менен бийлик.
Адамды үмүт жашатат, кайгы какшатат.
Адамды кийминен тааныбайт, ишинен тааныйт.
Адамды көзүнөн түшүнбөй, сөзүнөн түшүн.
Акмакты өзүнөн түшүнбөй, элден түшүн.
Адамды кордобо, акмакты бордобо.
Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
Адамды шайтан азгырат, артык дөөлөт мас кылат,
тумшугу таштай катаарда, тууган менен кас кылат.
Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.
Адамдын адам билет сымбатын, акмактар кайдан
билсин, адамдын арзан менен кымбатын.
Адамдын адамкерчилиги, ачуусу келгенде билинет.
Адамдын акысын жер жебейт.
Адамдын аласы жаман, айбандын куласы жаман
Адамдын ардуусу тырышчаак болот.
Адамдын башкы милдети — ыймандуулук.
Адамдын бетин бөрү жебейт.
Адамдын бири тентек, бири жөнтөк, бири эпчил, бири кекчил.
Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.
Адамдын жалаңгычы да адам.
Адамдын жаман — жакшысы туулгандан эмес, көргөн тарбиясынан.
Адамдын жылдыздуусун айбан да билет.
Адамдын ийгилиги эмес, акылына карап баа бер.
Адамдын иши, жемиштин мөмөсү.
Адамдын өзү картайса да, сөзү картайбайт.
Адамдын өзү карыса да, сөзү карыбайт.
Адамдын өзүнө баа бербе, акылына баа бер.
Адамдын ким экенин билгиң келсе, кебин шашпай тыңшап көр.
Адамдын көзү өлгөндө (бир чымчым) топуракка тоёт.
Адамдын көркү — адеп.
Адамдын көркү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө.
Адамдын көркү — акыл.
Адамдын көркү — бөз, көңүлү — эки ооз сөз.
Адамдын көркү — бөз, кулактын көркү — сөз.
Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
Адамдын кыйноосу — санаа, өлүмү — оору.

Адамдын мөмөсү бала.
Адамдын мыктысы — жөнөкөйлүк.
Адамдын оозунда болсо — алданын кулагында болот.
Адамдын пейли тойбой, карды тойбойт.
Адамдын түсүн айтпай, ишин айт.
Адамдын эмгектен улуу тиреги жок.
Адамзааданы жакшы сөз атынан түшүрөт.
Адамзатты сөз бузат, тоо — ташты сел бузат.
Адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп
тыңдайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт.
Адамзаттын уругу — ажырыктын тамыры.
Адамча туулуп, айбанча жашаба.
Адат — адат эмес, жөн — адат.
Адашкан казды топтошкон карга алат.
Адашкан койду бөрү жейт.
Адашкандын айбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
Адашкандын айыбы жок, айланып (кайтып) үйүрүн
тапкан соң. Ачылгандын айыбы жок, өзү билип (көрүп) жапкан соң.
Адашкандын алды жөн.
Адашкың келбесе — кара, жаңылгың келбесе — сура.
Адашпаймын деген эр дал түштө адашат.
Адашсаң атыңа ишен.
Адашсаң элиң менен (акылдуу менен) адаш.
Адеби жок жигит — жүгөнү жок атка окшош.
Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош,
Адеби жок аял кабанаак итке окшош.
Адеби жоктун аты —жөнүн сураба.
Адеби жоктун, уяты жок.
Адепсиз бала — таманга жабышкан чыла.
Адепсизден алыс кач.
Адепсизден да адептүүлүктү үйрөн.
Адептүү — алкыш алат, адепсиз — каргыш алат.
Адептүү бала — абийир, адепсиз бала — жабыр.
Адептүү жигит азаптан алыс болот.
Адептүү киши — азаптан алыс.
Адептүүлүк— адамдын көркү.
Адил адам абройлуу.
Адилет жаралган мыйзам жакшы.
Адилет сөз ачуу.
Адилеттүү мыйзамың болсо — көңүл ток, ансыз эркиндик жок.
Адырда малы болбосо, бетегелүү бел карып.
Адырды кылган анда өлөт, кылыч кылган мында
өлөт, өрмөк соккон жан да өлөт.
Адырында аркар жок, адамында дарман жок.
Ажаан аялың болгуча, ажаан итиң болсун.
Ажаан ит таяктан коркот.
Ажал — өлүм жетпесе, адам уулу жыгылбайт.
Ажал — өлүм кайда жок, ашыккан иштен пайда жок.
Ажал айтып келбейт.
Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер.
Ажал жолу — чилдин арышынан кыска.
Ажал жуучусу — оору.
Ажал келсе, алтын тактан пайда жок.
Ажал келсе, темир сандык кеп эмес.
Ажал менен азап каш —кабактын ортосунда.
Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.
Ажалдуу карга торго түшөт.
Ажалдуу кийик адырга качат.
Ажалдуу киши ажыдаардын куйругун басат.
Ажалдуу төө жарда оттойт, ажалдуу доңуз анда оттойт.
Ажалдууга себеп жок.
Ажал — өлүм кайда жок, ашыккан иштен пайда жок.
Ажалым жетсе өлөөрмүн, азабым болсо көрөөрмүн.
Ажарлуу аял — адамдын периштеси.
Ажарлуу аял адамдын периштеси, акылдуу аял эркектин шериктеши.
Ажоосу жок эл — серкеси жок кой.
Ажы болмок — кырк жылда, бенде болмок — бир күндө.
Ажыдаардын куйругун баспа, башын бас.
Ажырагыс карындашыңа, унутулгус сөз айтпа.
Ажырашаар досуңа көңүл калар сөз айтпа.
Ажырашаар тамыр ээрдин арткы (көткү) кашын сурайт.
Аз ашка жасоол болбо.
Аз бергенден, тез берген.
Аз болсо да, саз болсун.
Аз болсун, аз болсо да саз болсун.
Аз да болсо, көптөй көр, арык да болсо семиздей көр. Алыс (жат) да болсо, жакындай
көр. Ак саманды чөптөй көр. Куник (көрксүз) да болсо түзүк көр.
Аз дүйнөгө (тамакка) арзыбай, көптү кайдан табасың.
Аз дүйнөгө (тамакка) арзыбай, көптү кайдан табасын?
Жарма, чайды жаман деп, этти кайдан табасың?
Аз жамандык да көп.
Аз кайгыны аш басат, көп кайгыны дос басат.
Аз көбөйөт, азган оңолот.
Аз сүйлө, көп тыңда.
Аз сүйлөсөң да, саз (так) сүйлө.
Аз сүйлөсөң, элиңе жагасың, көп сүйлөсөң бир балээге каласың.
Аз сөз — саз сөз, көп сөз — чөп сөз.
Аз уктаган акылга бай болот.
Аза — арыбайт, каада — карыбайт, алтын чирибейт.
Аза арыбайт, доо карыбайт, алтын чирибейт.
Азазил азгырганда катын эрин чанат.
Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.
Азамат бир күнү ат минет, бир күнү жөө жүрөт.
Азамат болсоң ак иште — аздыр — көптүр мал
болотБекеринен мал тапсаң — берекеси жок болот.
Азамат болсоң ак иште, аздыр көптүр мал болот.
Азамат болсоң шаңдуу бол, “Атың ким?” деп сурасын.
Азамат болсоң эр жигит, ардактуу иштен корунба.
Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.
Азаматка — эл арка.
Азаматка дайыма ракмат.
Азаматтын азганы — көчкөндө жөө басканы.
Азаматтын азганын өзү билбейт, жат билет.
Азаматтын белгиси — көп ойлонуп, аз сүйлөйт.
Азаматтын даңкын чыгарган — эмгек, арамзанын
жанын чыгарган — эрмек.
Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
Азаматтын жакшысы бирде мырза, бирде кул,
аргымактын жакшысы чапса күлүк, сатса пул.
Азаматтын жакшысы он бешке келсе — кичүүлүк
жок, жүзгө келсе — карылык жок.
Азаматтын кадырын атасы эмес, эл билет.
Азансыз молдо болсо да, казансыз катын болбойт.
Азап айтып келбейт.
Азап тартпай акыл кирбейт.
Азапка чыдасаң жашоону үйрөнөсүң.
Азаптан коркпо, айыптан корк.
Азаптуу кишиге айла жок.
Азапты — тарткан билет, жүктү — арткан билет.
Азапты кайдан деп билип болобу.
Азапты көрбөгөн, бакыттын баркын билбейт.
Азаптын азабы — жумушу жоктук.
Азбаймын деген жигитти, караңгы түн азгырат.
Азбаймын деген жигитти, караңгы түн аздырат.
Азга — опаа, кепке — жапаа.
Азга алкыш айтпаган көпкө көңүлү тойбойт.
Азга каниет кылбаган, көпкө ыраазы болбойт.
Азганды кууп, тозгонго жолукпа, тууган издеп, достон кетпе.
Азганды кууп, тозгонго жолукпа.
Азды аяган, көптөн кур калат.
Азды билбеген, көптү да билбейт.
Азды жок дебе, барды көп дебе.
Аздыктын кордугу жаман.
Аздын азанчысы болгуча, көптүн казанчысы бол.
Аздын арманы күчтүү, көптүн дарманы күчтүү.
Аздын атасы бар, көптүн батасы бар.
Азил сөзгө акылдуу баш иет, акмактын жаны ачылат.
Азоого — тушоо, күлүккө — чалма.
Азоону чалма жоошутат, акмакты токмок токтотот.
Азсыздангандын шыбагасын ити жулуп кетет.
Азуулуу бөрүгө, момун боз кой тең эмес.
Азуулуу менен арбашпа, алдуу менен кармашпа.
Азуулууга — бар заман, бечарага — зар заман.
Азуулууга бар заман, азуусузга тар заман.
Азуулуулар аңдышса, бечаралар бөлүнөт.
Азуулуулар алышса, бечаралар бөлүнөт.
Азуулууну киши күчү менен эмес, эби менен алат.
Азуусун айга жаныган, ааламды өзүм билем дээр.
Азынаган айгырдын үйрүн көр, менменсинген жигиттин үйүн көр.
Азынаганды билбеген — айгыр болбойт,
мөөрөгөндү билбеген — бука болбойт.
Азыр бирди алсам, он тогузу эле калат.

Азыраак сүйлөп, көп иште.
“Ай!” деген (же дээр) ажо жок, “кой!” деген (же дээр) кожо (же ага) жок.
“Айдай келден” алтоо өлдү, “көрө келден” көп өлдү.
“Айдай келдиники” алды менен өлөт, өрмөкчүнүкү өзү өлөт.
“Айдай келдинин” алды катты, “көрө келдинин” көзү кашайды.
“Айдап кел” менен “байлап кел” катуу кандын буйругу.
“Айт!” — десең алдыңа түшкөн, “ойт!” — десең эбиңе көнөт.
“Айт” десе алдыңа түшкөн, “ойт” десе эбиңе көнөт.
Ай — Күн баарыга тең.
Ай — толгонун билбейт, жигит — болгонун билбейт.
Ай — чыгышынан, адам — жүрүшүнөн билинет.
Ай айга багышат, күн күнгө багышат (кошулат).
Ай башы думанадан үмүт кылат (же үмүт этет).
Ай деген (же дээр) ажо жок, кой деген (же дээр) кожо жок.
Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок.
Ай жарыкта — коён арык.
Ай жүр, аман жүр.
Ай караган ачкадан өлөт, күн караган күрөөрүн алат.
Ай караган текедей, күткөн жаман акыйып.
Ай катаалы — айда жаайт.
Күн катаалы — күндө жаайт.
Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы.
Ай менен Күн асмандын көркү.
Ай он бешинде кайда бараар дейсиң?
Ай талаадан аткан ок, ажалдууга тиет (жолугат).
Ай тегерек, сабы жок, атакемдин табы жок.
Күн тегерек, сабы жок, күйөөрүмдүн табы жок.
Ай түндө керек, акыл күндө керек.
Ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт.
Ай чырайлуу, бал сөздүү — акылман адам элеси.
Ай шербеттин сөзү — берметтин өзү, балыктын сөзү — калыстын сөзү.
Ай, айга багышат (кошулат), күн, күнгө багышат.
Айбан ачуусу көзүнөн билинет, адам ачуусу сөзүнөн билинет,
Айбан чөпкө байланат, адам сөзгө байланат.
Айбанга — келтек, адамга — ишарат.
Айбандан түңүлсөң түңүл — адамдан түңүлбө.
Айбанды өңүнөн тааны, адамды сөзүнөн тааны.
Айбашы думанадан үмүт кылат (же үмүт этет).
Айбыкпаган сынчы (кээде чынчыл) болот.
Айбыкпаган чынчыл болотАйыбын жашырган —
алыс узабайт (акыры оңолбойт).
Айга жетпес ашыңды айылдаштан аяба.
Айга кол сунба, момунга чоңсунба.
Айгакка — алты таяк.
Айгактын түбү ууру.
Айгыр баатыр үйрүндө, ар ким баатыр үйүндө.
Айгыр болоор кулундун, жаак эти чоң болот.
Айгыр болор кулундун — жаак эти чоң болот,
кочкор болор козунун маңдай жагы дөң болот.
Айгыр көпсө — бээсин кажыйт, хан көпсө — элин талайт.
Айгыр көпсө — үйүрүн кажыйт, хан көпсө — элин кажыйт.

Айгыр салсаң үндүүдөн сал, кочкор салсаң — жүндүүдөн сал.
Айгыр учунса — ат болот, ат учунса эт болот.
Айгырды кандай салсаң, ошондой минерсиң.
Айгырдын жаманы, ат качырат.
Айгыры ала болсо, кулуну кула болот.
Айгыры көп үйүрдүн кажышканы көп болот, кулуну аз болот.
Айда айыл болбойт, күндө коңшу болбойт.
Айда жеген ток болот, күндө жеген сук болот.
Айда туусам — айда жок, күндө туусам — күндө жок.
Айдабай аштык чыкпайт, үйрөнбөй билим жукпайт.
Айдаган малы баалуу болсо, ажааты чыгат кербендин.
Айдаган малы баалуу болсо, кербендин атагы чыгат (же ажааты чыгат).
Айдаганы беш эчки (же козулуу кой)—ышкырыгы таш жарат.
Айдаганы бир эчки — ышкырыгы таш жарат.
Айдагың келсе эгин, күздүн камын жазында жегин,
жаздын камын кышында жегин.
Айдай чырайыңды — иттей кыялың бузат.
Айдайкелден алтоо өлдү, көрөкелден көп өлдү.
Айдан го түңүлдүм, эми күн аман болгой экен.
Айдап жүргөн алдымда, ит жеминдей олжом бар.
Айдап кел менен байлап кел, катаал кандын буйругу.
Айдап тургузган да бийлик, ийрип жаткызган да бийлик.
Айдарым жел сылап өтөт, керимсел жел сыйрып өтөт.
Айдасаң кабат арпаны, максымга жакшы талканы.
Айды этегиң менен жаба албайсың.
Айды этек менен жаба албайсың, байлыкты бекер
жерден таба албайсың.
Айды этек менен калкалай албайсың.
Айдын да темгили бар.
Айдын жанында булуттун баркы жок, байдын
жанында жардынын баркы жок.
Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө
жүр, чубуттун жолдошу болгончо, арыңдын берекесинде жүр.
Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр.
Айдын жарымы — жарык, жарымы — караңгы
Айдын жарымы (теңи) — жарык, жарымы (теңи) —
караңгыАйдын он беши — жарык, он беши — караңгы.
Айдын он беши жарык, он беши караңгы.
Айдын теңи (же жарымы) жарык, теңи (же жарымы) караңгы.
Айкалышып уктасаң, ай жарыгы түн кызык.
Айла — алтоо, акыл — жетөө.
Айлаң арыстанды кармайт, күчүң чычканды качырат.
Айлакерге даба жок.
Айланайын айдайым, алты карын майдайым,
кындуу шибегеңди сактай көр.
Айланайын бакыраң көз, сен мага тийбе, мен сага тийбейин.
Айланайын кудайга, сен эмес, ак эшен келген буудайга.
Айланайын молдоке, катын алып берсең, канаке.
Айларды айландырган, жылдарды да жылдырат.
Айласы кеткен “өлбө жаным, өлбө” дейт.
Айласы кеткен ары карап ыйлайт, бери карап күлөт.

Айласы кеткен жер тандабайт, жашы өткөн эр тандабайт.
Айласыз баатыр каманга чалдырат.
Айласыз баатыр чочкого чабат.
Айлаш катын — муңдаш, жылдаш катын — сырдаш.
Айлаш катын — муңдаш.
Айлың ала болсо, эки атың шала.
Айлыңа келген бөз арзан, астыңа (оозуңа) келген сөз арзан.
Айлыңда ала болсо, эки атың сала.
Айлыңды караарсың — алаканыңды жалаарсың.
Айлыңды коюп, алыңды бил, өзгөнү коюп, өзүңдү бил.
Айран ичкен — кутулуптур, челек жалаган — тутулуптур.
Айран ичкен алсырайт, кымыз ичкен кансырайт,
эрке бала көч үстүнөн нан сурайт.
Айран сураган — аягын жашырбайт.
Айран сураган челегин жашырбайт.
Айран сурасаң, челегиңди жашырба.
Айран сурап келсең, аягыңды жашырба.
Айран уюта албаган иритет, тери ашата албаган чиритет.
Айран уютса — ирнткен, тери ийлесе — чириткен.
Айранын аттай көргөн, кымызын төөдөй көрөт.
Айрылаар дос, бербести сурайт.
Айрылаар дос, ээрдин арткы кашын сураар.
Айрылган — азат, кошулган — озот.
Айрылган эл — азаар. Кошулган эл — озоор.
Айрылгысы келген тамыр, ээрдин алдыңкы кашын сурайт.
Айрылышса — сагынышат, жолугушса — жабыгышат.
Айт да болоор, айттын эртеси да болоор.
Айт күнү — катын алба, жамгыр күнү — ат чаппа.
Айтаарын (сүйлөөрүн) кара маңка айтты, уялаарын мен уялдым.
Айткан — айыптуу, айтпаган — күйүттүү.
Айткан — айыптуу, айтпаган — кубаттуу.
Айткан акылдуу болсо, уккан уйкудан безет.
Айткан сөз — алышкан кол.
Айткан сөз — атылган ок.
Айткан шертин бек тутмай, ишиңден чыгар.
Айтканды айткан ушакчы эмес.
Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман.
Айткандын сөзү, ыйлагандын көзү жаман.
Айтканыңдан кайтпа (жазба), алдыңдан жоо чыкса
да, кайра тартып качпа.
Айтмайынча ким билет, ачмайынча ким көрөт.
Айтмайынча ким билет.
Айтпа, айткандан кийин кайтпа.
Айтпай келген конок, аңдып жүргөн уурудай боз ала кылат.
Айтпай келген конок, душмандан жаман.
Айтпайын десем, сары ала көйнөк жеңем санымдан чымчып жатпайбы.
Айтпаса билбейт, ачпаса көрбөйт.
Айтса — жүрөккө, чапса — билекке.
Айтса болот насыят акылы бар адамга.
Айтса жүрөккө (кулакка), чапса билекке.
Айтсаң — тилиң күйөт, айтпасаң — дилиң күйөт.
Айтсам сенден өлөөрмүн, айтпасам сындан өлөөрмүн.
Айттырбай иштеген — арстан, айтканды бүтүргөн
— адам, көрсөткөндү бүтүрбөгөн — эшек.
Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
Айтылган сөз — атылган ок, экөө бирдей кайрылбайт.
Айтылган сөз — атылган ок, экөө тең кайрылбайт.
Айтып берээриң болбосо, ооз оорутуп нетесиң,
жасап берээриң болбосо, кол оорутуп нетесиң.
Айтып качкан жаман, атып жазган жаман.
Айтып коюп кылбаганы — кесирленгени, берип
коюп кайра алганы — эсиргени.
Айтып кылган иштин айбы жок.
Айтышкан — доо, алышкан — жоо.
Айчүрөктү көрүш үчүн, Кеметейдин көзү керек.
Айы оңунан тууганга, ажайып кубаныч жолугат.
Айыбы чыккан жигиттин, узун бою пас болот.
Айыбын жашырган алыс узабайт (акыры оңолбойт).
Айыга турган оорунун дарымчысы (табыбы) өзү келет.