
Салымбеков университетинде Нооруз
Жаздын жарчысы – Нооруз майрамына карата окуу жайыбызда салтанаттык иш-чара болду.
⠀
Майрамдын шаңын окуу-тарбия иштери боюнча проректор д.м.с. профессор – Тулекеев Токтогазы куттуктоо сөзү менен ачып, Нооруз эли-жерибизге жалаң гана жакшылыктарды, токчулук-молчулукту, ыйман-ырысты, ынтымак берекени алып келүүсүн каалады.
⠀
“Биздин күчүбүз- биримдикте” ураанынын астында ар улуттагы студенттерибиз театралдаштырылган концерттик программаны тартуулап, “Нооруз” майрамынын атрибуттары болгон аластоо, бата берүү салттары көрсөтүлдү. Ага улай улуттук тамактардын жарманкеси көрсөтүлдү.
⠀
Аппак кардын арты менен жерибиз тазаланып, көктөмдүү жаз дагы кирип келсин!