Жунушалиева Нурзат Манасовна
Кадрлар бөлүмүнүн башчысы – Жунушалиева Нурзат Манасовна

Кадрларды өнүктүрүү жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү Салымбеков университетинин институтунун структуралык бөлүмү болуп саналат. Бөлүмдү университеттин президентине түз баш ийген жетекчи жетектейт. Бөлүмдүн негизги милдеттери – документтерди камсыздоону уюштуруу, координациялоо, контролдоо жана ишке ашыруу жана зарыл болгон кадрларды берүү жана кызматкерлердин потенциалын эффективдүү колдонуу аркылуу университеттин максаттарына жетүүгө салым кошуу.

Кадрларды өнүктүрүү жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы – Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелерин эл аралык аккредитациялоо чөйрөсүндө таанылган адис жана эксперт Жунушалиева Нурзат Манасовна.