УДК 398.22
«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ ДАРЫГЕРЛЕРДИН ОРДУ
Токушева Т. С.
«Салымбеков университети» мекемеси
tolobubu@gmail.com
Аннотация. Бул макалада «Манас» эпосундагы элдик медицинанын өкүлдөрү болгон
дарыгерлер же дарыгерлик функцияларды аткарган өзүнчө бир адамдардын социалдык тобу
тууралуу маалыматтар чагылдырылган.
Негизги сөздөр: эпос, дарыгер, элдик медицина, дарылоо, дары чөптөр.
МЕСТО ЦЕЛИТЕЛЕЙ В ЭПОСЕ «МАНАС»
Токушева Т. С.
Учреждение «Салымбеков Университет»
tolobubu@gmail.com
Аннотация: В данной статье содержится информация о целителях являющихся
представителями народной медицины в эпосе «Манас» или отдельной социальной группе людей,
выполняющих врачебные функции.
Ключевые слова: эпос, целитель, народная медицина, лечение, лекарственные травы.
THE ROLE OF HEALERS IN THE EPIC «MANAS»
Tokusheva T. S.
Institution «Salymbekov University»
tolobubu@gmail.com
Annotation. This article contains information about doctors who are representatives of traditional medicine in
the Manas epic or a separate social group of people performing medical functions.
Key words: epic, healers, traditional medicine, treatment, medicinal herbs.
Киришүү
Азыркы аскердик талаа медицинанын үлгүлөрү мындан канча миң жыл мурда эле
кыргызда болгондугун «Манас» эпосу тастыктап келет. Согуштан тыныгуу учурунда
жарадарларга көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардам, дары-дармектер, медициналык
аспаптар, хирургиялык операциялар, дарыгерлер колдонулуучу материалдар эпосто кеңири
сүрөттөлүп баяндалат.
Максаты: Манас доорундагы дарылоо ыкмалары жөнүндө түшүнүк алуу
Милдети: «Манас» эпосундагы дарылоону аныктаган атоолорду чечмелөө, ар бир
кесиптин эмне жумуш кыларын так ажыратуу, элдик медицинага байланыштуу этномаданий
билим алуу.
«Манас» эпосунда элдик медициналык билимдер жана тажрыйбалар кеңири
чагылдырылып, элдик медицинанын өкүлдөрү болгон дарыгерлер же дарыгерлик
функцияларды аткарган өзүнчө бир адамдардын социалдык тобу тууралуу да маалыматтар
берилген. Биринчи ирет буларга дарыгерлер, табыптар, илегерлер кирет. Табыпчылык
кылгандарга «Манас» боюнча дагы бакшыларды, бүбүлөрдү, ошондой эле ар кандай
төлгөчүлөрдү (негизинен далычыларды) киргизсе болот.
Улуттун элдик медицинага байланыштуу түшүнүгүн жана «Манас» эпосундагы элдик
дарыгерлерди адистигине жараша бөлүнүшүн карап көрсөк:
Илегер – (орустун лекарь деген сөзүнөн) дарыгер, табып, илечил, илим-билимдүү
дегенди билдирет.
Илегерди алдырып,
Жаратка дары салдырып (676-678-б.)
Абсун – эпос боюнча сыйкырлап кубулта турган дуба. Көбүнчө душмандын аярлары.
“Апсун экен бул иш” - деп,
Айкожо сүйлөп калыптыр.
Ыкласын окуп Айкожо,
Манаска демди салыптыр. (80-б.)
Аалым күндү жайлады,
Кара шамал дубасын,
Кара ташка байлады,
Каапырдын шору кайнады. (81-б.)
Абсун окуу менен ар түрлүү нерселерди кубултуп, жол тоскон, чек ара кайтарган
коркунучтуу жан-жаныбарга айландырып, душманынын сезин алат. Мисалы, кытайдын Бооң
аяры Чүйдү бошоткону келе жаткан кыргыз колунун жолунан өзүн, 90 жолдошун ажыдаар,
жолборс, илбирс, бөрү кылып кубултуп жолун тостурат. (СО, 2. 108 –111-б)
Албынчы – бийик ашууларда адамды түтөк басканда аны айыктыруучу адамдар.
Аначы – боюнда бар келин кара басып төрөй албай жатканда ага жардам берип, кара
күчтөрдү кууп, бала тескери келсе, оңдоого аракет кылган, төрөттүн жеңил өтүшүнө жардам
берген аял.
Бадикчи – дененин сыртына кызыл-кызыл болуп чечек чыгат, ошону «бадик» дешет.
Бадикти денеден кууп чыгыш үчүн бадикчи «Көч, бадик, көч бадик» деп ал жакка көч,
бул жакка көч деп отуруп, бадик ыры менен адамдын организимине таасир этип, оорулууну
медитациялап, ишендирип, кызыл чечектерди жок кылууга жетишет.
Далычы – бал ачуу, койдун далысын, күзгүнү, китепти карап туруп адам тагдырынын
келечегин, боло турган окуяларды колдогону бар касиеттүү адам айтып бере алат деген диний
түшүнүк.
Алты айчалык өлөрдү,
Азыр бейлеп билүүчү
Аяр менен сыйкырчы.
Балын ачып салышып.
«Агыдай далы көрүүчү,
Ашкере айтып берүүчү» (49-б.)
Бүбү, бакшы – талмалууларды, жин ооруларын камчы же чыбык менен ургулап, кызарган
темирди тили менен жалап анын оорусун айдап чыккандар.
«Баканды кармап бакырып,
Бакшы менен бүбүдөн,
Немесин койбой чакырды» (51-б.)
Дарымчы – жараларды, уулуу жаныбарлардын чакканын, тиш ооруусун, ооз ооруларын
дарымдап дарылайт. Алардын методу – жаралардын өзөгүн чыгарып тилүү, дары чөптөрдү
коюу, жылдызга карап тиш байлоо ж.б.
Дубана – ислам динине үгүттөп, элди жыйнап, аларга даарат алдырып, кудайга,
пайгамбарга сыйынып, жалынып, оорулууну ортого коюп, чарк айланып дуба окуган, көбүнчө
башка жактан келген кишилер.
Асасы колдо шалдырап,
Пайда болду дубана.
- Берсеңер эгер уруксат,
Мен коёюн атын деп,
Дубана сүйлөйт бул кепти (9).
Демчи – оорулууга таасир этүү үчүн куран аяттарынан окуп, оозуна суу ууртап, аны
бүркүү.
Жайчы – катуу ооругандарды окуп, дубанын кудурет-күчү менен айыктырган. «Манас»
эпосудагы Алмамбет да жайташы менен агыны катуу суудан өзү тараптагыларды эсен-аман
өткөрүп, душмандарды суукка тоңдурат. Ал жайчылыкты бала кезинде Аберген деген
ажыдаардан үйрөнөт.
Сандыргалуу Алмамбет
Жай ташын сууга байлады,
Жаканын баары жамгырлап,
Бөксөнүн баары мөндүрлөп,
Туурадан туман дүркүрөп,
Тоолорго толук кыш болду,
Жакага жалтыр муз болду (СК. 190-б.)
Көчөтчү – узак убакыттын бери ооруп жаткан бирөөнүн дартын алып, аны дубалап, башка
нерсеге, мисалы, малга, ташка, же башка буюмдарга көчүрүп, оорулууну кеселинен
куткаруучу киши.
Канчы – согуш талаасында биринчи жардам көрсөтүүдө наштар же кортык сыяктуу
буюмдары менен ооруган жерден, шишиктерден уюп калган кандарды чыгарып, организмди
тазалап, жардам көрсөтүүчү адам.
Киндик эне – төрөлгөн баланын киндигин кескен аял. Курч устара менен баланын
киндигин такай түбүнөн кесип, ага кийиз күйгүзүп басышкан. Кескен аялды киндик эне деп
аташып, экинчи эне катары эсептелген. Манас төрөлгөндө анын киндигин Дамбылданын аялы
Канымжан кесет.
Антаңдабай катындар,
Аныктап көрчү капырлар?
Жерден алгын тез деди,
Дамбылданын зайыбы
Киндигин өзүң кес деди (СО, 1.77)
Көчөтчү – оорулуунун дартын башка нерселерге: жандыкка, ташка, даракка ж.б.
буюмдарга өткөрүп ийүүчү адам.
Кыбачы – майдаланып сынып талкаланып кеткен адамдын сөөктөрүн кыбалап,
ашташтырып ордуна салуучу киши.
Сыныкчы – адамдын же малдын сөөктөрү сынганда, же чыгып кеткенде аны ордуна
келтирүүчү элдик дарыгер.
Тамырчы – адегенде адамдын күрөө тамырын кармайт да, анын ритминен оорунун
себептерин табат, ошол эле кезде дары өсүмдүктөр жана жаныбарларды эти, майы, болбосо
мүнөздөп суу, кордо, кымыз ж.б. азык-түлүктөрдү колдонуу менен организмге таасир эткен
киши.
Тилмечи – бетке, мурунга чыккан тилме оорусун устаранын учу же наштар менен тилип,
айыктыруучу элдик медицинадагы адис.
Көкнарычы – көкнары деген өсүмдүктөн дары жасап, ошол аркылуу оорулууну
айыктыруучулар.
Учукчу – сасык тумоолоп, суукка урунуп, чыйрыгып ооруп калган адамды учуктоо жолу
менен айыктыруучу. Учукчу кычкачты же орокту, же дагы башка темир буюмду отко коюп,
кызартат, оорулууну астанага жакын жылаңачтап отургузуп коюп, жанагы темирди ага
жакындатып чөйчөккө же чыныга куюлган муздак сууну темир аркылуу кишиге бүркүп,
айыктырган адам.
Илжаасынчы – көптөн бери төшөк тартып катуу ооруп жаткан кишини ортого коюшуп,
куранды жатка билген каары баш болуп бир нече киши Курани каримдин ичиндеги «Ясын»
сүрөөсүн кырк жолу кайра-кайра кайталап окушат. «Ясын» биздин тилге ылайыкталып,
«жаасын» болуп калган. Демек, кырк жолу «Ясын» окуу дегенди түшүндүрөт. Ал – дубалоо,
адамды айыктыруу үчүн ишендирүү, оорулууга ичтен күч берүү. Чилжаасын окууга бардык
эле молдолор катыша албайт, күчтүү, таза молдолор гана катышат.
Эпостогу медицинаны гана эмес, элдик дарыгерлер катары салттуу медицинаны билишкен
Ажыбайдын, Бакайдын, Каныкейдин, Момунжандын, Токтосарттын адамдарды дарылоо,
эмдөө өзгөчөлүктөрү сүрөттөлөт.
Ажыбай – жетимиш уруу тил билген, Манастын тилмечи, Манас аскеринин туу көтөргүчү,
башкы дарыгери болгон.
Аргын кандын Ажыбай
Ааламдан кылдат себепкер
Артыкча тууган табыпкер.
Ажыбайдын колунда,
Желмаяндын жонунда
Медет деген дары бар.
«Себеп» деген дары бар,
«Эбеп» деген дары бар,
«Апы» деген дары бар,
«Үпү» деген дары бар.
«Кайнатма кара дары» бар,
«Кырма кызыл дары» бар,
Дарылардын бары бар (СО, 231-б.)
Бакайдын дарылоо ыкмасында сынган сөөктөрдү тартуу, сөөктөрдү жик-жиктеп ордуна
коюу, шакшактоо, момуя (аркар таш) коюп таңуу ыкмалары колдонулат. Бул анын колунун
жеңилдиги, сыныкчылык, таңыкчылык өнөрүнө маш экендигин көрсөтөт. Дагы бир жерде
кайып болуп кеткен Семетейдин Бакай тууралуу мындай деп айтканы бар:
«Калк карысы бабамдын,
Кисесинде дары бар,
Кишиден бөлөк баары бар.
Эбеп деген бир дары,
Эсил Бакай колунда,
Ооруган жерди басчу эле.
Себеп деген бир дары,
Умачтай көздү аччу эле» (Сейтек. 4-китеп, 204-б.).
Бул дарыларды Бакай жердин үстүн чалдырып, желмаянды мингизип, жекей бозду
кийгизип, канчыдан алдырган.
Каныкей Манас баатыр Чоң казаттан жарадар болуп, оор абалда Таласка келгенде
Төрткүлдүн төмөн жагында,
Төрөңдүн сайган багында.
Дарбазалуу коргондо,
Кайран жеңең Каныкей
Кантын кардай омуруп,
Сары майын томуруп,
Балан козу, ширин баш,
Бор кайнатып койдуруп,-
тосуп, туюк жарасын жарып, ириңин агызып дарылаганы айтылат:
Кайнатма кара дарыдан
Шыбай жаап салды эми.
Ар чириктин баарысын,
Кузгундатып тептирип,
Тышына сууруп салды эми.
Кырма кызыл дарыны,
Ичинен баса берди эми.
«Апы» деген бир дары ,
«Үпү» деген бир дары,
Атайын издеп алдырып,
Ошондо төрөңдүн,
Ооруган жери басылып,
Умачтай көзү ачылып,
Кубаттанып тирденип,
Курган жаны ирденип (СО, 245-б.)
Момунжан Семетейдин аскердик дарыгери, хирург болгон. Семетей кайып болуп
кеткенден кийин Момунжан душманына кызмат кылгысы келбей, аскердик иштерди биротоло
таштап, Багдадга кетет. Айчүрөктүн чакыруусу менен алыскы Багдаддан келип, ошол кездеги
медицинанын акыркы жетишкендиктерин колдонуп, мыкты дарылар менен Күлчорону
дарылайт. Иттин кечирин Күлчорого көчүрүп, жалгаштырат:
Айлакер табып Момунжан
Алты күнү дарылап,
Түгөнбөгөн сары суу
Кан аралаш ириңи
Калтырбады бирини.
Эсептеп жашын Гүлүстүн
(Гүлчоронун эркелеткен аты)
Далысынын кечирин,
Ченеп көрсө кесигин,
Чарыктан төөнүн кечири,
Эп келтирип кечирге,
Сары иттин кечирин,
Жигине жаап бастырып,
Данакерден талкалап,
Себелетип салдырып,
Токтосарт Кашкардагы дарыгер. Айчүрөктүн кабары жетээри менен биринчи Токтосарт
эки жүздөй кызматкери менен 480 төөгө дары-дармек артынып жетип келет. Келээри менен
Күлчорону операцияга даярдай баштайт. Шар аккан суунун боюна чатырларды тиктирип, бир
чатырга дарыларын түшүрүп, бир чатырга Күлчорону жайгаштырып, бир чатырга өзү
жайгашат. Анан Момунжан экөө Күлчорону дарылашат:
Алып келген чагы бар.
Андан башка дарыдан,
Канча түрдүү дагы бар...
Жиксиз болуп бүтсүн деп,
«Кырма кызыл» чаптырып,
«Кайнатма кара» тарттырып,
«Сары Барпы» ичирип,
«Нуш»дарыы ээритип,
Ичинен кошо бердирип,
Туу калган бээден сойдуруп,
Терисине оротуп,
Дагы токсон күн өтүп,
Күлчоронун далысы,
Алты айга толгону,
Кадимкидей болгону.
Мындан тышкары, укалоочулар да болгону белгилүү. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында
Кошой Жолой дөө менен күрөшкө чыгаарда арка-моюну, куймулчак ашташы сууга толуп,
кыйналып жүргөнү айтылат:
Карылыктын зардабы,
Сары суу алып калганы.
Беш-алты бала келиңер,
Белимди басып бериңер,
Белимди бек тээп салыңар,
Курушуп калган кургурду,
Боюн эптеп жазыңар.
Жыйынтыктоо: «Манас» эпосунда согуш учурунда жоокерлерге ок, найза, кылыч тийип,
жарадар болгондо ар бир кыргыз аскери биринчи жардам берүүнү билген. Кол ичинде атайын
дарыгерлер хирургиялык ыкмалар менен (ириңдеген жерлерди жаруу, чириген эттерди
агызуу, бузулган канды жана ириңди тарттыруу; ок кустуруу; окту же осколканы денеден
чыгаруу, сынган жерге жыгач аштап шак-шак коюп таңуу) дарылашкан. Ар кандай дарылар
менен (эбеп менен себеп, апы менен үпү, барпы, ийсең, момуя, кырма кызыл дары, кайнатма
кара дары, жуушаң, кытайдын кара дары, жот дары, искеме дары, ак дары, кун, нуш,медет,
карышкырдын өтү, түлкүнүн өтү, кажырдын өтү, дарылардын курамы: чөптөр (мээр чөп,
уулжан, оржемил,киемин, нуржемил, ак кодол, күчала, жалбыз), тамырлар, жаныбарлардын
органдары (өт, жүрөк, тери, май) жана ысык, суук тамак берүү, жаныбарлардын эти менен же
карандай суу ичирүү, ысык булактарга түшүрүү менен айыктырышкан.
АДАБИЯТТАР:
1. Акматалиев А. Каада-салт, үрп-адат, адамдык оң-терс сапат [Текст] / А.Акматалиев. – Б.:
Бийиктик, 2002. – 400 б.
2. Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү [Текст] / А.Акматалиев. – Б.: Шам,
2000. – 348 б.
3. Ботоканова Г. «Манас» эпосундагы элдик дарыгерлик боюнча салттуу билимдер [Текст]
/ Г.Ботоканова // 2015-жылдын 24-25-октярбрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң
педагогикалык университетинде болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген темада
эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү (Кытай эл республикасы),
Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун материалдары 21, 2. – 546-547-бб.
4. Манас. Кыргыз элинин баатырдык эпосу [Текст] / С.Каралаевдин варианты б-ча. – Ф.:
Кыргызстан, 1984.
5. Манас. Кыргыз элинин баатырдык эпосу [Текст] / С.Орозбаковдун варианты б-ча. – Ф.:
Кыргызстан, 1978.
6. Манас. Сагымбай энциклопедиясы: Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы
астында. – Б.: Бийиктик Плюс. – 2015. – 1416 б.
7. Манас: Энциклопедия. 1-2-том. [Текст] / – Б.: КЭ, 1995 205.
8. Муратов А. «Манас» эпопеясындагы кыргыз элдик медицинасы [Текст] / А.Муратов //
«Манас» ааламы. Манастаануу-фольклор таануу илимий журналы. – Б.: 2017. - №3. – 105-
109-бб. 223.
9. Муратов А. «Манас» эпосундагы элдик медицина [Текст] / А.Муратов // 2016-жылдын
12-13-декабрында Бишкек шаарында болуп өткөн «Айтматов окуулары – 2016» эл аралык
илимий-практикалык конференциясынын материалдары. – Б.: «Мукай», 2016. – 290-296-
бб.
10. Муратов А. Кыргыз эл педагогикасы: элдик ишенимдер, тыйымдар жана табыркалар.
2-китеп. [Текст] / А.Муратов. – Б.: «Айат», 2016. – 240 б.
11. Муратов А. Кыргыз элинин дарыгерчилик эмпирикалык билимдери жана
тажрыйбалары [Текст] / А.Муратов / И.Арабаев атындагы КМУнун 70 жылдыгына жана
Кыргыз Эл мугалими, коомдук ишмер Мукаш Базаркуловдун 80 жылдыгына арналган
«Кыргыз Республикасынын педагогикалык билим берүүсүн модернизациялоонун
көйгөйлөрү жана перспективалары» аттуу эл аралык илимий-практикалык
конференциянын материалдары // И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысы. – Б.: 2015.
Атайын чыгарылышы. Серия: педагогика. – 446-450-бб.
12. Муратов А. Кыргыздардын салттуу дарыгерчилиги жана алардын
«Манас» дастанында чагылдырылышы [Текст] / А.Муратов // Хакас
элинин чыгаан этнографы, тарых илимдеринин доктору, профессор
В.Я.Бутанаевдин 70 жылдык мааракесине арналып 2016-жылдын 14-
апрелинде И.Арабаев 175 атындагы КМУда өткөн «Энесайлык данакер
этнограф» аттуу илимийпрактикалык конференциянын жыйнагы. – Б.:
2016. – 220-227-бб.
13. Муратов А. Кыргыздын элдик дарыгерлери [Текст] / А.Муратов // Тил
жана маданият, 2016. – 30-сентябрь; 27-октябрь; 31-октябрь.
14. Тахирова Г.И. «Манас таануу» курсун колледждерде окутууну
этнопедагогикалык негизде өркүндөтүү /Педагогика илимдеринин
кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган
диссертация. - Ош, 2019. –226 б.
15. Тентигул кызы Н. «Манас» эпосундагы салттуу хирургия жана анын
айрым методдору [Текст] / Н.Тунтигул кызы // 2015-жылдын 24-25-
октярбрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык
университетинде 184 болуп өткөн «Манас» жана кыргыз салты» деген
темада эл аралык илимий талкуу жыйындын материалдары. – Үрүмчү
(Кытай эл республикасы), Шиңжан «Манас» изилдөө борборунун
материалдары 21, 2. – 563-б.