УДК:821:82-1 (575.2) (04)

ПОЭЗИЯНЫН ФОРМАСЫ КАТАРЫ ГАЗЕЛДИН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА
ӨНҮГҮШҮ

Омурзакова Н.Б.
Б. Н. Ельцин атындагы КРСУ, Бишкек ш.

omurzakova1976@mail.ru

Аннотация: Кыргыз поэзиясы өсүп-өнүгүүсүндө, дүйнөлүк поэзия сыяктуу эле, өзүнө
тиешелүү тарыхый-калыптануу жолун басып өттү. Макалада кыргыз адабий процессинде пайда
болгон газель формасынын чыгыш адабиятында пайда болуусун, формалык, тематикалык,
теориялык өзгөчөлүктөрүн кароого аракет жасадык.

Негизги сөздөр: поэзия, газель, бейт, уйкаштык, орто кылым, макта, тахаллус, суфизм,
синтез, тема.

ВОЗНИКНОВЕНИЕ И РАЗВИТИЕ ГАЗЕЛИ, КАК ФОРМА ПОЭЗИИ

Омурзакова Н.Б.
КРСУ им.Б.Ельцина, г. Бишкек

omurzakova1976@mail.ru

Аннотация: В своем росте развитии кыргызская поэзия, как и мировая поэзия, прошла
свой исторический путь становления. В статье мы попытались рассмотреть возникновение
формы газели в восточной литературе, который позже появился в кыргызском
литературном процессе, ее тематические и теоретические особенности, как формы.

Ключевые слова: поэзия, газель, бейт, рифма, средний век, тахаллус, суфизм, синтез,
тема


THE EMERGENCE AND DEVELOPMENT OF THE GHAZAL AS A FORM OF POETRY

Omurzakova N.B.,
KRSU named after B. Eltsin, Bishkek, the Kyrgyz Republic

omurzakova1976@mail.ru

Annotation: In its growth and development, the Kyrgyz poetry, like a world poetry, has passed its
historical path. In the article, the author has tried to consider the emergence of the ghazal form in oriental
literature, its thematic and theoretical features.

Key words: poetry, ghazal, beit, rhyme, medieval century, last line, tahallus, Sufism, synthesis,
theme.

Киришүү
Ар бир эл өзүнүн дүйнө таанымын, көкүрөктөгү көрөңгөсүн, ой-толгоосун чагылдырып

берүүнүн ар кандай ыкмаларын иштеп, ойлоп табышат. Ошонун натыйжасында, улуттун
адабиятында мейли кара сөз жаатында, мейли поэзияда болсун түрдүү формалар, жанрлар
пайда болот.

Улуттук адабиятыбыз да, башка дүйнөлүк адабияттардай эле, өз өнүгүү жолун
табуунун артында көп изденет жана таасирленет. 50-70-жылдар кыргыз адабиятынын
өнүгүүсүнүн өзгөчө доору. Дүйнөлүк адабиятты, орус адабиятты, чыгыш адабиятты кызыгып
окуган акындарыбыз өз чыгармачылыгында эксперимент жүргүзүп, калемин, чыгармачылык
дараметин сынап, өз адабий лабораториясынан не деген түрдүү ыкмаларды колдонуп,
чыгармаларды жаратышпайт. Бирок ал жаңылыктар, изденүүлөр канчалык улуттук
адабиятыбызга сиңип кетип, орун-очок ала алды, маселе ушунда.

Ушундай формалардын бири газель формасы. Бул форма катары качан пайда болгон,
анын стилдик, поэтикалык өзгөчөлүктөрү кандай? Дегеле, кыргыз адабиятына качан келип
кошулду, башка формалардын контекстинен алган орду бүгүнкү күндө анчейин иликтенбей
келет. Ушул жагынан алып караганда, газель өз алдынча ар тараптуу иликтөөнү талап кылып,
изилдөөнүн актуалдуу предметине айланат. Макаланын максаты газель формасынын чыгыш
адабиятында пайда болуусун, калыптануусун, өнүгүүсүн, формалык бөтөнчөлүгүн,
тематикалык ар түрдүүлүгүн чыгыш акындарынын чыгармачылыгынын негизинде сөзгө алуу
болуп саналат.

Поэзиянын түрдүү жанрларынын өсүп-өнүгүүсүнүн шарты, жагдайы ар башка. Бирок
ар биринин жалпылыгы - ошол жанрга, формага карата болгон терең кызыгуу же ал жанрда
жазган акындын чыгармачылыгына таасирленүү. Мына ошондой жагдайда улуттук адабият
өсөт, өнүгөт жана байыйт. Бул макалада сөз кыла турган поэткалык форма, чыгыш
поэзиясынан келген, өз учурунда гүлдөө доорун кечирген газелге токтолгубуз келет. Газель эң
байыркы формалардын катарына кирет. Адабият таануу сөздүгүндө мындай деп: “Древнейшая
форма восточной поэзии, создателем которой стал великий лирик 14 века Хафиз, с успехом
применяется и в современой поэзии” [Словарь литературоведческих терминов, 5:57], ал эми
“Поэтический словарь” сөздүгүндө болсо төмөндөгүдөй берилет: “Газель (араб. стихотворная
форма лирической поэзии у народов Ближнего и Среднего Востока, а также в некоторых
литературах Индии и Пакистана. Газель состоит из бейтов (двустиший), начало рифмовки – в
первом бейте, в дальнейшем – однозвучная рифма идет через строку, т.е. первый стих каждого
последующего бейта остается незарифмованным. Таким образом, система в газели такая: аа,
ва, са, да и.т.д. Кроме рифм, в газели применяется редиф. В последнем бейте обязательно
упоминается поэтическое имя (тахаллус) автора” [А.П.Квятковский, 2:83]. Ошондой эле,
адабий энциклопедия сөздүгүндө мындайча маалымдалат: “Газель (араб, газаль), вид
моноримического лирического стихотворения (обычно 12-15 бейтов). Распостранена в поэзии
Ближнего и Среднего Востока и Юго- Восточной Азии. Скорее всего, возникла из
доисламской персидской народной лирической песни и окончательно сформировалась к 13-14
вв” [Литературный энциклопедический словарь, 3:73].

Орто кылымдагы адабияттаанууда газель жөнүндөгү алгачкы илимий маалыматтарды
эң алгач Шамси Кайсанын “Муджам” эмгегинде сөз болгонун байкайбыз. Ал газель сөздүн
негизги маанисинде - аялдар тууралуу баян, сүйүүнүн сүрөттөлүшү жана аларга карата болгон
кумарлануу. Газелдерди жаратуу-бул сүйүүнү даңктоо экенин белгилөө менен айрым
лексикографтар газел менен насибди эки бөлөк ажыратып карарын билдирип мындай дейт:
“Они утверждают: насиб – это описание поэтом характера и нрава возлюбленной, описание
того, как им овладела любовь к этим ее качеством. А газель - это описание любви к женщинам
и страстного влечения сердца к ним” [А.М. Мирзоев, 4:22].

Орто кылымдагы Шамси Кайс тарабынан газель жанрына берилген аныктама бүгүнкү
күнгө чейин дээрлик өзгөрүлбөстөн берилип келет. Мисалы, Кабул Мухаммад тарабынан
“Хафт кулзум” аттуу эмгегинде жогорудагы эле ой кайталанат. Ал мындайча

жазат: “Газель” в словарном значении – это описание любви и отношение к женщине. А
терминологически – это несколько бейтов, объединенных единым стихотворным метром и
монорифмой”. [А.М. Мирзоев, 4:24].

Чыгыштаануучулар тарабынан бул форманын келип чыгышы тууралуу талаш ойлор
айтылат. Алгачкы үлгүлөрү газелдер деп аталып, поэзияда жарык көргөнү менен алардын
көпчүлүгү жалпы жолунан аталып, мазмунуна карата гана мүнөздөлүп келген. Газелинин
келип чыгуу маселелерин изилдөөдө анын жаралуу доорун жана жаралуу булактарын аныктоо
зарыл. Чыгыш адабиятында аталган жанрга өз доорунун көрүнүктүү акындары Рудаки, Саади,
Хафиз, Жамилер кайрылышкан жана ар биринин чыгармачылык өнөрүндө аталган форма
өзүнүн эволюциялык өнүгүү жолун басып өттү. Эң алгачкы үлгүлөрүн Рудакинин поэтикалык
чыгармачылыгынан кезиктиребиз. Албетте, Рудаки өзүнүн поэзиясында газель деп
лирикаларын атаганы менен алар канчалык деңгээлде теориялык негизде мазмундук жана
формалык өзгөчөлүктү сактаганы тууралуу окумуштуулардын арасында кайчы пикир орун
алып келет. Айрым окумуштуулар касыданын бир бөлүгү десе, экинчилери газель деп аташат.
Мисалы, Даулат-шах Самарканизи Рудакинин ырынан мисал келтирип: “Это большая касыда
и процетировать ее целиком в тазкире невозможно”,- деген оюн билдирсе, Амин Ахмад Рази,
Даулат – шахка карама-каршы оюн билдирип, ал ырын газель деп атайт. Ал эми Шибли
Нумани Рудакинин поэтикалык чыгармачылыгын анализдеп жатып, мындай дейт: “Газель в
то время еще не выделилась как особая форма поэзии. Газель заменял ташбиб, помещаемый в
начале газели” [ А.М. Мирзоев, 4:17]. Башкача айтканда, мурунку ойлорго карама-каршы
келип, Х кылымда “газель” деген сөз насибага тиешелүү деп эсептешкенин окусак болот.

Негизи, Рудакинин чыгармаларынын айрым үзүндүлөрү гана сакталып калган. Ошол
себептен алар тууралуу принципиалдуу, толук кандуу ой айтуу оордукту жаратат, ал эми анын
замандаштарынын лирикалык ырлары жалпысынан насиба, касыда, газелдер деп аталып
келген.

Газель поэзиянын бир формасы катары келип чыгышында көпчүлүк окумуштуулар аны
касыдадан пайда болгон деген ойду билдирип келишкен. Бирок газелдин пайда болушунда
касыда жападан жалгыз булак болгон деп айтуу кыйын, тескерисинче, бул форма баарынан
мурун ар кандай лирикалык ырлардын өнүгүү процессинде пайда болгон деген ойго
жакыныраак, анткени Х кылымда айрым лирикалык ырлар жалпысынан газель деп аталат.
Демек, газель поэзиянын өзүнчө түрү катары лирикалык ырлардын тарыхый өнүгүүсүндө
пайда болгон. Бул ойду А.М. Мирзоев өзүнүн эмгегинде төмөндөгүдөй белгилейт: “Процесс
формирования газели как вида поэзии происходит исключительно в историческом развитии
этих лирических стихотворений” [.А.М. Мирзоев, 4:4].

Газель поэзиянын формасы катары касыда, маснави, рубаилерден кийин пайда болгон.
Поэзиянын өз алдынча формасы катары бөлүнүү процесси бир нече жүз жылдарды баштан
кечирет, сөз чеберлеринин поэтикалык чыгармаларынын негизинде өнүгөт. Газелдин поэзия
түрү катары өсүп-өнүгүүсүндө анын калыптанышында ар бир кылым өз салымын кошуп
келди. Белгилүү чыгыш акыны Рудакинин жашаган доору газелинин алгачкы пайда болуу
этабы болот. Ошол учурдагы поэтикалык чыгармаларда алгач “газель” деген сөз
колдонулгандыгына далил катары Шибли Нуманинин жазганын келтирсек болот: “В период
Рудаки появился самостоятельный вид газели...Жаль, что из газелей Рудаки сохранилась очень
мало” [А.М. Мирзоев, 4:37].

Албетте, жогорудагы “өз алдынча түр” деген оюн, поэзиянын толук кандуу түрү катары
эмес, анын жаралуу процессин гана кабыл алуубуз керек, себеби чыгыштаануучулардын
илимий булактарына кайрылсак, бул доордо толук кандуу газелдерге келтирилген
мисалдарды табуу кыйын. Х кылымдын поэтикалык мурастарында лирикалык ырлардын эң
мыкты үлгүлөрүн Рудакинин чыгармаларынан кездештиребиз. Бирок анын поэзиясында
газелге мүнөздүү формалык белгилер боюнча карай турган болсок, албетте, чыгармалары
сүйүү темасында жазылып, аялзаттын көп кырдуу сүрөттөлүшүн,

перинин бир көз карашы түбөлүк майрам болуп, жүрөгүнө куюларын, бир көз карашы, жүзү
лирикалык каармандын жан дүйнөсүндө түбөлүк розалар менен гүлдөп турарын, жүзүнүн
албырганы, койкойгон мойну лилия гүлүнөн да аппак экенин, тиштерин асыл бермет ташына,
эки эриндерин кочкул кызыл лаал ташына (рубин), кыймылын бөдөнөгө, тынч турганын
кипариске окшоштурган өзгөчө элестүү, поэтикалуу, таасирдүү салыштыруусун гана
белгилесек болот, ырдын ички мазмуну жанрдык белгилерге жакын келип, формалык
өзгөчөлүктөрүн байкоо кыйын. Мисалы, газелдин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон
макта , тахаллус жок. Х кылымда көптөгөн акындар өз чыгармачылыгында аталган формада
күчтөрүн сынап көрүшөт, өзгөчө Х кылымдын 2-жарымында ага болгон кызыгуу күчөп,
аталган формага кайрылгандардын саны басымдуу болот. Мисал катары Дакикинин
чыгармачылыгын белгилегибиз келет. Акын ырларында форманын бүтүндөй өзгөчөлүгүн
сактабаса да, өзүнүн поэтикалык туундулары менен форма катары иштелишине өз салымын
кошту. Ошондой эле, Х кылымда лирикалык поэзиянын жогорку үлгүлөрүн жараткан акын
катары Мансур Мантикини белгилеп айтсак ашыкча болбос.

XI кылымдын 1-жарымында газелдин форма катары өнүгүүсү байкалбайт. Бул учурда
поэзиянын түрү катары өнүкпөстөн сенек формага айланат. Мындай көрүнүш газель өз
алдынча поэзиянын формасы катары коомчулук тарабынан кабыл алынбаганынан кабар берет.
Бул мезгилдеги лирикалык ырлар форма жана мазмун жагынан X кылымдагы үлгүлөрүнөн
айырмаланган эмес. Демек, бул учурдагы тактап айтканда, XI кылымдын 1- жарымындагы
газелдерди, X кылымдагы газелдердин тематикалык жактан уландысы гана болгондугунан
кабар берет. Анын үстүнө аталган мезгилде акындар Рудакинин чыгармачылыгын туурап,
акындык таасирленүү күч болгонун белгилеп кетпесек болбойт. Газелдин форма катары жай
өнүгүүсүнүн бирден-бир себеби катары Шибли Нумани касыданын коомчулукта кенен
тараганын белгилөө менен газелдин форма катары өнүгүүсүн суфизм багытынын өнүгүүсүнөн
көрөт да, мындай деп жазат: “В Иране, однако, чувство воинственности и доблести был очень
сильны. Поэтому развитие газели начинается с суфизма. Азбука, которой учат в школе суфизм
это азбука любви. Хотя суфизм возник в III веке.х., однако золотым веком его следует считать
V век. Как раз тогда и начинается развитие газели” [А.М.Мирзоев,4:42]. Суфизм кыймылынын
пайда болушу тууралуу Е.Э. Бертельс очеркинде мындайча токтолот: “До сих пор мы
умышленно оставляли в стороне философски-мистическую литературу, выросшую из
религиозного движения, известного под названием суфизма (тасаввуф). Движение это,
зарадившееся через два века после появления Ислама и получившее название от грубой
шерстиной одежды (по арабски суф), которую носили первые мусульманские аскеты, с
необычайной силой развернулось именно на персидской почве” [Е.Э.Бертельс, 1:50].

Шибли Нумани жогорудагы ою менен газелинин мазмунунда сүйүү темасы негизги
тема болорун белгилегиси келсе керек, себеби суфизм багытындагы акындар чыгармаларында
Кудайга болгон сүйүүсүн баяндайт, экинчиден, газель форма катары пайда болушунда суфизм
агымы эмес, ал багыттагы акындар деп айтсак туура болот. Өз оюн суфизм багытынын
акындарынын чыгармачылыгы менен аныктайт. Алар поэтикалык чыгармаларында газель
формасын колдонуу менен өздөрүнүн ойлорун жайылтышкан. Поэзия акындардын жан
дүйнөсүндөгү ойлорун эркин билдирүүнүн бирден-бир ыкмасы болгонун Е.Э.Бертельс мындай
дейт: “Если суфизм давал поэту свободу, то с другой стороны поэтическая форма давала
суфию очень большие преимущества. В стихах он мог высказать многие положения, которые
в прозаическом трактате послужили бы причиной для обвинения автора в ереси”
[Е.Э.Бертельс, 1:52].

Анын үстүнө бул учурда жалаң гана суфизм багытындагы акындар гана эмес (Санаи ,
Аухади , Аттар ), ал мезгилде Абулфарадж Руни, Анвари, Хакани, Низами жана башка акындар
да жазышкан. Алар суфизм багытында болбосо да, өздөрүнүн поэтикалык чыгармалары менен
газелдин форма катары өнүгүүсүнө өз салымын кошушкан. Аталган учурда Санаи жана Аттар
өздөрүнүн замандаштарына караганда эң көп газель жазышкан.



Мисалы, Санаинин “Диванында” 513, ал эми Аттардын “Диванында” 756
газелдер орун алган. Газелдин өнүгүү процессинде ушундай көлөмдүү
газелдердин жаралышын, аны жараткан акындардын чыгармачылыгын четке
кагуу, аларды эсепке албоо адилетүү бааланбай калуу дегенге жатат жана
ошондой эле, аталган мезгилде газелдин пайда болушунда суфизм багыты
негизги орунду ээлеген деген көз караш, албетте, туура эмес, тескерисинче,
өзүнүн мазмундук өзгөчөлүгү менен идеологиялык көз караштагы ырларды
аталган формада иштеши анын маанилик мазмунунун беделин төмөндөткөн.

Корутунду:
• Газелдин эң алгачкы үлгүлөрүн Рудакинин чыгармачылыгынан
кезиктиребиз, анын лирикаларын айрым окумуштуулар газель деп атоодон
алыс болсо дагы, элементтерди өзүнүн лирикаларында өөрчүтүп отуруп, өз
алдынча лирикалык чыгарма катары атоого ээ болот. Алгачкы “газель” деген
аталыштагы ырлар Рудакинин заманында жазылат;
• экинчиден, 10-кылымда газелиге кайрылган акындардын саны абдан
көбөйөт, ал ашыктык ырлары терең сүйүү темасына арналып, жөн гана
сезимдерди билдирбестен, анда кумарлануу менен аялзатынын келбетине
суктануу, ашыгуу, сулуулугуна арбалуу болот;
• үчүнчүдөн, X кылымдын биринчи жарымында канчалык сандык жактан көп
болуп, тематикалык жактан окшошкону менен газелдин формалык негизги
өзгөчөлүктөрү катары кабыл алынган макта, тахаллус жок экендиги байкалат;
• төртүнчүдөн, X кылымдын экинчи жарымында гана Даки акыны газелдин
форма катары айырмалаган белгилердин өнүгүүсүнө салымын кошот;
• бешинчиден, газелдин форма катары өнүгүүсүнүн түпкүрүндө суфизм
багыты жаткандыгы тууралуу ойлордун басымдуу болгонун байкаса болот.


Адабияттар:

1. Бертельс И.Э. Очерки истории Персидской литературы.
Ленинград. Издание Ленинградского восточного института им.
А.С.Енукидзе. 1928.
2. Квятковский А. П. Поэтический словарь. – М.: 1966.
3. Литературный энциклопедический словарь. – М.: “Советская энциклопедия”.1987.
4. Мирзоев А.М. Рудаки и развитие газели Х-ХVв.в. таджикгосиздат. Сталинбад. 1958.
5. Словарь литературоведческих терминов. Түз.: Л.И.Тимофеев, С.В.Тураев. –
М.: “Просвещение”, 1974.
6. Вильгельм Левик, Столбов Валерий, Макуренкова Светлана -состовители.
Библиотека мировой литературы для детей. Поэзия народного мира
Персидско-Таджикская поэзия Абуабдулла Абульхасан Рудаки
стихотворение, перевод В.Левика с. 609, – М.: Детская литература, 1986.
7. Державин В. Ирано-таджиксая поэзия. Библиотека всемирной литературы.



Серия первая. Том 21. Ирано-таджикская поэзия. Саади. – 326 с. Флибуста
сайт
8. Поэзия народов мира. – Москва. 1986.
9. Саади: газели, восточные стихи. Поэзия восточных поэтов. www.haiam.ru
10. Хакимов Аскар Алимович. Видовые особенности лирической поэзии (на
материале таджикской лирической поэзии второй половины ХХ века):
диссертация. …доктора филол. наук, 2018.