УДК 372.881.1
ТИЛДИ БӨТӨН ТИЛ КАТАРЫ ОКУТУУНУН ПРОБЛЕМАЛАРЫ

Дюшекеева А. К.
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы


aduishekeeva570@gmail.com


Аннотация: Бул макалада ааламдашуу доорунда чет тилдерди окутуунун теориялык

маселелери каралган. Чет тилдерди окутуунун негизги максаты – студенттин коммуникативдик
маданиятын калыптандыруу жана чет тилдерди практикалык өздөштүрүүгө багытталган. Тилди
окутууда чет тил мугалимдери маданияттар аралык коммуникациянын өзгөчөлүктөрүн эске алышы,
заманбап коммуникациялык жана педагогикалык технологияларды өздөштүрүүсү зарыл.

Негизги сөздөр: чет тилдер, ааламдашуу, улуттар аралык коммуникация, окутуунун мазмуну,
маалымат технологиялары.


ПРОБЛЕМЫ ПРЕПОДАВАНИЯ ЯЗЫКА КАК ИНОСТРАННОГО


Дюшекеева А. К.

Кыргызская Государственная Медицинская Академия имени И.К. Ахунбаева

aduishekeeva570@gmail.com

Аннотация. В данной статье рассматриваются теоретические вопросы обучения
иностранным языкам в эпоху глобализации. Основной целью обучения иностранным языкам является
формирование и развитие коммуникативной культуры студента, обучение
практическому овладению иностранным языкам. Для достижения цели обучения преподавателям
иностранного языка необходимо учитывать особенности межкультурной коммуникации, владеть
современными коммуникационными и педагогическими технологиями.

Ключевые слова: иностранные языки, глобализация, межкультурная коммуникация,
содержание обучения, информационные технологии.

ВЕСТНИК МЕДИЦИНЫ И ОБРАЗОВАНИЯ №1, 2023 2

PROBLEMS OF TEACHING A LANGUAGE AS A FOREIGN LANGUAGE

Duishekeeva A. K.
I.K. Akhunbaev Kyrgyz State Medical Academy


aduishekeeva570@gmail.com


Annotation: This article considers theoretical issues of teaching foreign languages in the era of

globalization. The main purpose of teaching foreign languages is the formation and development of a student's
communicative culture, teaching practical mastery of foreign languages.To achieve the goal of foreign
language education, the foreign language teachers need to take into account the peculiarities of intercultural
communication and be proficient in modern communication and educational technologies.

Key words: foreign languages, globalization, intercultural communication, the content of teaching,
information technology.

Киришүү
Чет тилин билүү улуттар аралык баарлашуунун маанилүү шарты болуп саналат.

Азыркы маалымат дүйнөсүндө адамдардын чет тилдерди үйрөнүүгө болгон кызыгуусу тездик
менен өсүүдө. Илимий – техникалык өрүш, ага байланышкан күндөлүк турмуштагы көз караш,
түшүнүк, аң-сезимдин, маданияттын сакталып келген эрежелерин жаңы нукта карап чыгууга,
учурдун талабына ылайык ой жүгүртүүгө түрткү берет. Коомдун өнүгүшү, ааламдашуу
процесстери информациялык – маалыматтык каражаттардын көп түрдүүлүгү менен көп
тилдүүлүгү, улуттар аралык, эл аралык мамиле – алакалардын өсүшү, эмгек эмигранттарынын
көбөйүшү жана башка шарттар менен талаптар азыркы адистин көп тилдүү жана көп
маданияттуу сапаттарга ээ болуу муктаждыгын көрсөтүп турат.

Чет тилди окутуунун максатынын бири – студенттин коммуникативдик маданиятын
калыптандыруу жана социалдык баарлашуунун көндүмдөрүн өнүктүрүү. Азыркы учурда,
билим берүү стандартынын талабына жооп берген жаңы педагогикалык технологияларды,
методдорду жана окутуу каражаттарын издөө актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Ар
бир окуучу же студент үчүн тилди практикалык өздөштүрүү шарттарын түзүү, ар бир окуучуга
(студентке) өзүнүн активдүүлүгүн, чыгармачылыгын көрсөтүүгө, чет тилдерди окутуу
процессинде студенттин когнитивдик ишмердүүлүгүн активдештирүүгө мүмкүндүк бере
турган окутуу ыкмаларын тандоо – чет тилин окутуудагы эң негизги максат.

Ар бир тил ошол тилде сүйлөгөн элдин маданиятын чагылдырат. Тил үйрөнүү сөзсүз
түрдө башка өлкөнүн тарыхы, географиясы, маданияты, салттары, коомдук кубулуштары,
социалдык шарттары менен таанышуу, дүйнөнү ой жүгүртүүсү жана кабылдоосу биздикинен
айырмаланган адамдар менен мамиле түзүүнү үйрөнүү деген түшүнүктү берет. Бул адамдын
дүйнө-таанымын кеңейтет, ийкемдүү болгонго үйрөтөт. Чет тилин үйрөнүү учурунда мээде
жаңы нейрон байланыштары пайда болуп, боз заттын көлөмү чоңоёт, эс тутум жана көңүл
буруу жакшырат. Адам канчалык көп тил үйрөнсө, интеллектуалдык көйгөйлөрдү ошончолук
тез жана жакшы чечет.
Е. М. Верещагиндин ою боюнча," эки улуттун маданияты эч качан толугу менен дал келбейт
– ар бири улуттук жана эл аралык элементтерден турат " [1]. Ошону менен бирге эне тилинин
маданиятын жана башка чет тилинин дүйнөлүк картинасын сактоо маселелерин чечүүдө чет
тили мугалимдери үчүн да кыйынчылыктарды жаратууда. Ар кандай маданияттардын
өкүлдөрүнүн натыйжалуу алакаларынын негизги шарттары бири-бирин түшүнүү, бири-бирин
сыйлоо жана толеранттуу мамиле кылуу болуп саналат. Маданияттар (улуттар) аралык
коммуникацияда баарлашуунун деңгээли жана түшүнүктүн тереңдиги маанилүү.

Изилдөөнүн максаты
Коомдун өнүгүшүнүн азыркы этабында маданият аралык байланыш процесси жаңы

формаларга ээ болууда. Коммуникациянын электрондук каражаттарынын өнүгүшү

ВЕСТНИК МЕДИЦИНЫ И ОБРАЗОВАНИЯ №1, 2023 3

"дискурстун мүнөзүн түп-тамырынан бери өзгөрткөн байланыштын компьютердик
формасынын" өнүгүшүнө алып келди [2]. Маданият аралык коммуникация процессинде
байланыштын ар кандай электрондук каражаттары: электрондук почта, скайп, видео
байланыш, социалдык сервистер: Фейсбук, Твиттер жана башкалар кеңири колдонулат.
Бүгүнкү күндө чет тилин кантип өздөштүрсө болот? Ааламдашуу доорунда чет тилдерди

окутуунун өзгөчөлүктөрү жана проблемалары бар. Проблеманын бири – окутуунун мазмунун
тандоо, башкача айтканда, баарлашуу үчүн жетиштүү окуу материалын тандоо, башкача
айтканда - "эмнени үйрөтүү керек" жана кайсы маданиятты үйрөтүү керек? Чет тилдерин
окутуунун дагы бир көйгөйү - бул методикалык жагы, тактап айтканда, кантип жана кандай
жолдор менен окутуу.
Чет тилин үйрөтүүдө окуу процессинде эффективдүү ыкмаларды колдонуу жана студенттерди
окуу процессине активдүү катыштыруу – негизги маселелердин бири. Азыркы мезгилде чет
тилдерди окутуудагы инновациялар чет тилдерди окутуунун мазмунунун өзгөрүшүнө,
педагогикалык технологиянын, окутуунун методдорунун жана каражаттарынын өзгөрүшүнө
байланыштуу десек жаңылышпасак керек. Демек, азыркы тилди окутуунун негизги
кыйынчылыктары окутуунун мазмунунда, окутуунун ыкмаларында жана каражаттарында
жатат. Коомдук турмуштун инновациялык процессинде чет тилдерди окутуунун
методдорунун бул категориялары да бүткүл билим берүү системасы сыяктуу улам өзгөрүп
турат.

И.Л. Бим текстти окутуу мазмунунун негизги бирдиги катары карайт. Текст
окутууда көрүү (окуу) жана угуу (аудирование) аркылуу таануу объектиси, ошондой эле
кептин (сүйлөө, жазуу) продуктусу катары колдонулат [3]. Текст билимдин бардык
тармагынан каалаган маалыматты камтыйт, окууга үйрөтүү (текст менен иштөө) сүйлөөгө
үйрөнүү менен түздөн-түз байланыштуу.

Ааламдашуу доорунда чет тилдерди окутууда интерактивдүү окутуу методдорун
колдонуу объективдүү зарылчылык болуп калды. Интерактивдүү ыкма сүйлөшүү же башкача
айтканда диалог режиминде колдонулуп, окутуу жана текшерүү процесси продуктивдүү
болот. Интерактивдүү окутуунун жүрүшүндө студент ойлонулган чечим чыгарат жана
критикалык ой жүгүртүүгө үйрөнөт.
Студенттин предметке болгон кызыгуусун арттыруу, коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүү
маанилүү. Тилди үйрөтүүдө эң маанилүү жагдай – психологиялык тоскоолдуктарды жеңүү [4].
Студент жетиштүү билет, бирок өз оюн айтууга батынбайт. Лингвистикалык кырдаалда болуп,
адашып, эмнеден баштаарын билбей, баарын туура эмес айтып алам деп коркуп, акыры
унчукпай коюуну туура көрөт. Бул маселени чечүүдө аудитория атмосферасы абдан маанилүү
роль ойнойт. Себеби жөнөкөй, адамдын мээси стресс абалында алган билими тез өчүп кала
тургандай болуп калыптанат. Ошондуктан мугалимдин негизги милдети – стресстик абалды
жеңилдетүүгө аракет кылуу. Окуучунун ар бир сөзүн, катасын катуу оңдоп, кантип сүйлөп,
кантип сүйлөбөш керектигин сабак бою түшүндүрүү өтө кооптуу. Студенттин аң-сезиминде
катасыз такыр сүйлөй албайм деген ой бекем орношу мүмкүн. Окутуучунун негизги милдети
– окуучуга (студентке) ката кетирүүдөн коркпой, чет тилинде өз оюн айтууга үйрөнүүгө
жардам берүү. Бирок бул жерде бир катар көйгөйлөр пайда болот. Чет тилин өздөштүрүүнүн
психолингвистикалык өзгөчөлүктөрү эске алынбайт, тиешелүү усулдук жактан
камсыздалбайт жана окуучунун (студенттин) билими, көндүмдөрү, жөндөмдөрү эске
алынбайт [5].
Студенттердин (окуучунун) темпераменти ар кандай болот: агрессивдүү балдар бар,
башкалары уялчаак же коркок, кээ бир балдар шылдыңдоодон коркушат. Айрым студенттер
(окуучулар) окуу материалын тез түшүнүшөт, суроолорго тайманбай жооп беришет;
башкалары кошумча тактоону талап кылат.

Билим берүү системасын модернизациялоо процесси мугалимге жогорку талаптарды
коюуда. Окутуучунун предметтик билим деңгээли жана көндүмдөрү жогору болуп, жана
ошондой эле педагогикалык, маалыматтык-коммуникациялык технологияларга, ошондой эле
чет тилдерди аралык (дистанттык) окутуу чөйрөсүндөгү технологияларды да мыкты

ВЕСТНИК МЕДИЦИНЫ И ОБРАЗОВАНИЯ №1, 2023 4

өздөштүрүүсү зарыл [6]. Билим берүүнүн сапаты ар дайым мугалимдин кесипкөйлүгү, анын
квалификациясы менен байланыштуу, ал сабакка туура даярданууну, пландаштырылган
натыйжаны эске алуу менен керектүү иш-аракеттерди жана тиешелүү материалдарды тандап
алууну, аткарылган иштин жүрүшүндө каталарды жана кемчиликтерди талдоону, ошондой эле
окуучулар менен баарлашуу жана өз ара аракеттенүү, окуучунун инсандык – гармониялык
калыптануусуна өбөлгө түзүү жөндөмүн камтыйт. Чет тил мугалимдери үчүн негизги көндүм
болуп предметтик ишмердүүлүк жаатында да, педагогикалык процессти уюштуруу жаатында
да өзүн-өзү өркүндөтүүгө жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулуу болуп саналат [7]. Ушуга
байланыштуу мугалимдин мега-лингвистикалык компетенттүүлүгү өзгөчө мааниге ээ, бул
мугалимге коюлган милдеттерди кыйла натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет:
экстралингвистикалык мазмун менен изилденүүчү тилдин формалдуу структураларынын
ортосунда бир тараптуу байланышын калыптандыруу жана буга чейин болгон билимдердин,
жөндөмдөрдүн жана көндүмдөрдүн өркүндөтүү.

Көйгөйлөрдүн кийинки тобу – технологиялык көйгөйлөр. Бул тышкы көйгөйлөр, аларга
төмөнкүлөр кирет:

 Чет тилин үйрөнүүгө бөлүнгөн сааттардын жетишсиздиги. Орто мектептерде жана
жогорку окуу жайларында болгону 2 саат бөлүнөт. Мындан тышкары, карантин, майрам
күндөрү ж.б.у.с. сабактын графигинде өзгөрүүлөр болуп калат. Сабактардын ортосундагы
убакыт аралыгы ушунчалык көп болгондуктан, мугалимге активдүү окутуунун формаларын
киргизүү жана коммуникативдик окутуу программасын ишке ашыруу кыйынга турат.
Окуучулар (студенттер) окуу материалын унутушат, иштин натыйжалуулугу төмөндөйт.

 Окуу кабинеттеринин техникалык жабдылышынын жетишсиздиги. Окуу
кабинеттеринин окуу куралдары, окуу программалары бар дисктер менен техникалык
жактан жабдылышынын жетишсиздиги, ошондой эле эскирген компьютердик жабдууларды
жаңысына жаңыртуу жана алмаштыруу, кабинетте интернеттин, интерактивдик досканын
ж.б. жоктугу. Интернеттин эң бай маалымат ресурстары, аларды билгичтик менен колдонуу
билимди өздөштүрүү процессине чоң таасирин тийгизет. Эне тили жана маданияты менен
катар чет тилин жана чет элдик маданиятты изилдөө азыркы тил билиминин
мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп саналат. Чет тил мугалимдери окуучулардын (студенттердин)
чет тил өкүлдөрү менен баарлашуусу үчүн ыгайлуу кырдаалды түзүшү керек. Чыныгы жана
виртуалдык саякат чет тилин, чет тил маданиятын тереңирээк үйрөнүүгө жана өз
маданиятын билүүгө өбөлгө түзөт, бирок, тилекке каршы, бардык эле мектептер жана чет тил
кабинеттери техникалык жактан толук жабдылган эмес. Бул окутуунун натыйжалуулугун
төмөндөтөт.

Мындан тышкары окуу-практикалык жана методикалык кыйынчылыктар болот.
 Мисалы, сүйлөө ишмердүүлүгүнүн түрлөрүн окутууда окуучулардын

(студенттердин) кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнүн деңгээли. Коммуникацияны үйрөнүү
лексикалык гана эмес, грамматикалык бирдиктерди да өздөштүрүүнү камтыйт, анткени
грамматикалык негиз жок болгон учурда толук кандуу баарлашуу мүмкүн эмес. Сөздөрдү
жана грамматикалык эрежени үйрөнүү жетишсиз. Ошондой эле алардын шайкештигин,
колдонулушун билүү керек, бул алда канча татаал. Диалогду үйрөнүүдө сүйлөө
формулаларын, туруктуу сөз айкаштарын колдонобуз, аларды бир эле сөз менен эмес, толугу
менен эстеп калуу керек, анткени бир тилдин конструкциялары экинчи тилде башкача болушу
мүмкүн.

 Башка (чет) тилде ойлоно албоо. Өз оюн билдирүү үчүн окуучулар (студенттер)
адегенде эне тилинде ойлонушат, андан кийин сөздөрдү чет тилге которушат,
грамматиканын эрежелери менен салыштырышат, анан сүйлөм түзүшөт. Бул өтө узун,
көптөгөн лексикалык-грамматикалык жана стилистикалык каталар менен коштолгон процесс
болуп саналат.

 Тексттин мазмунунун жалпы маанисин табуу жана түшүнүү. Текстти окууну



үйрөнүүдө тексттин мазмунун түшүнүү көйгөйү, аны андан ары конкреттүү
иштетүү үчүн анын негизги ойлорун түшүнүү. Окуучулар (студенттер) аны
сөзмө - сөз которо башташат – бул жай жана кыйын. Натыйжада, текст менен
аз гана окуучу иштей алат. Мугалим эң биринчи кезекте окуучуга тексттин
негизги ойлорун табууга жана түшүнүүгө жардам бериши керек.

 Жазма кепти (письменная речь) өздөштүрүү – кептин татаал түрү.
Бирок баштапкы этапта жазма тилди өздөштүрүү үчүн мүмкүн болушунча
көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Бул көндүм лексикалык жана грамматикалык
материалды бекем өздөштүрүү, ошондой эле окуу жана сүйлөө көндүмдөрүн
жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Корутунду:
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, иш-аракеттердин бардык жаатында

окуучулардын (студенттердин) билим жактан чектелгендиги, пассивдүүлүктү
жана жалкоолукту жеңүүнү каалабагандык жана окуудагы изденүү
аракетинин жоктугу байкалат. Бүгүнкү күндө окутуучунун милдети –
окуучулардын (студенттердин) коммуникативдик көндүмдөрүн
калыптандыруу. Чет тилдерди окутуу дүйнөдө, коомдо болуп жаткан
инновациялык процесстерге түздөн-түз байланыштуу. Учурда заманбап
коммуникативдик технологиялары иштелип чыгууда, алардын башкы
миссиясы – адамзат коомундагы өз ара алака түзүүнү оптималдаштыруу [8].

Ааламдашуу мезгилинде чет тилдерди окутууда жаңыча ыкма жана көз
караш керек. Өсүп келе жаткан муундун чет тилдүү коммуникативдик
компетенциясын калыптандыруу, адеп-ахлакты, башка маданиятка сый
мамиле жасоону тарбиялоо, элдердин ортосундагы баарлашуу жана өз ара
түшүнүшүү мектеп мугалимдеринин жана ЖОЖдордун окутуучуларынын
кесиптик компетенттүүлүгүнөн, алардын чеберчилигинен көз каранды.


АДАБИЯТТАР:

1. Верещагин Е.М., Костомаров В.Г. Язык и культура:
Лингвострановедение в преподавании русского языка как
иностранного. – 4-е изд., перераб. и доп. – М.: Рус. язык, 1990
(Библиотека преподавателя русского языка как иностранного). – 246
с.
2. Леонтович О.А. Введение в межкультурную коммуникацию: учеб.
пособие. – М.: Гнозис, 2007. – 368 с.
3. Методика обучения иностранным языкам: традиции и
современность / под ред. А.А. Миролюбова. – Обнинск:
Титул, 2010. – 464 с
4. Ариян М.А. Личностно – ориентированный подход и обучение
иностранному языку в классах с неоднородным составом обучаемых // ИЯШ.-
2007-№1- с.3-11.
5. Титова О.А. Проблемы обучения немецкому языку как второму
иностранному в условиях современного педагогического вуза // Известия
Тульского государственного университета. Гуманитарные науки. – 2008. - №
1. – С. 172-176.
6. Владимирова Л.П. Дистанционное обучение иностранным языкам:



специфика и перспективы // Иностранные языки в высшей школе: науч.
журнал. – Рязань:
Изд-во Рязан. гос. ун-та им. С.А. Есенина, 2014. – Вып. 2 (29).
7. Антюфеева Ю.Н., Родионова И.В. Слагаемые профессионализма учителя
иностранного языка // Актуальные проблемы германистики, романистики и
русистики: материалы ежегодной международной конференции.
Екатеринбург, 5 февраля 2016 г. [Текст] / Урал. гос. пед. ин-т. –
Екатеринбург, 2016. – Ч.II. – С. 61-68.
8. Кашкин В.Б. Введение в теорию коммуникации: учеб. пособие. – 6-е изд.,
стер. – М.: ФЛИНТА: Наука, 2016. – 224 с.