Салымбеков Университеттин студенттери Нурбаян Нурбекова жана Аделина Бейшеева этно-поэзия кечесин уюштурушту.
⠀
Иш-чара өлкөбүздүн этно-маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга арналды. Улуттук элементтер жана өзгөчө стилде кооздолгон залда элдик аспаптардын обондору жаңырып, атмосфера жылуулукка, шыктанууга толду.
⠀
Иш-чаранын атайын коноктору жана акындар Алтынай Темирова, Умут Айтбаева, Турат Жумаев болду.