Салымбеков Университет Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, жана Ош шаарындагы Салымбеков бизнес мектеби менен биргеликте мектеп окуучулар үчүн “Билим берүүдөгү заманбап тенденциялар, мектеп билим берүүсүнүн келечектеги орду” аталышындагы семинар өткөрдү.
⠀
Иш чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров сөз сүйлөп, билим алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
⠀
Ош шаарынын окуучулары жана мугалимдерине дүйнө жүзүндө болуп жаткан технологиялык өзгөрүүлөрдүн билим берүү жана эмгек рыногуна тийгизип жаткан таасирлери, 21-кылымдагы алдыга чыгып жаткан IT технологиялар жана биотехнология сыяктуу багыттардын орду жөнүндө баяндамалар көрсөтүлдү.
⠀
⠀
Абдылдаев Рысбек(профессор, онколог, медицина илимдеринин доктору), Салымбеков Университеттин вице-президенти – “ Медицинадагы жасалма инттелект”.
⠀
⠀