Салымбеков Университет Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, жана Ош шаарындагы Салымбеков бизнес мектеби менен биргеликте мектеп окуучулар үчүн “Билим берүүдөгү заманбап тенденциялар, мектеп билим берүүсүнүн келечектеги орду” аталышындагы семинар өткөрдү.
Иш чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров сөз сүйлөп, билим алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ош шаарынын окуучулары жана мугалимдерине дүйнө жүзүндө болуп жаткан технологиялык өзгөрүүлөрдүн билим берүү жана эмгек рыногуна тийгизип жаткан таасирлери, 21-кылымдагы алдыга чыгып жаткан IT технологиялар жана биотехнология сыяктуу багыттардын орду жөнүндө баяндамалар көрсөтүлдү.
🔷Семинардын спикерлери:
Абдылдаев Рысбек(профессор, онколог, медицина илимдеринин доктору), Салымбеков Университеттин вице-президенти – “ Медицинадагы жасалма инттелект”.
▫️Билгазиев Эмиль (PhD), Америка Технологиялар Институнун негиздөөчүсү, АКШнын Хьюстон университетинин жасалма интеллект багытында докторлук (PhD) даражасын алган, 15 жылдан ашык Facebook, Instagram, UBER сыяктуу ири компаияларда ага инженер – «Батыш өлкөлөрүндө билим – бул акча»
▫️Казаков Аваз, Салымбеков Университеттин проректору – “Билим берүүдөгү заманбап тенденциялар, кесип рыногундагы өзгөрүүлөр, мектеп билим берүүсүндөгү реформалар”

438128536_18038299747843726_7366870107304122227_n
438096373_18038299813843726_4132125349791637961_n
438099574_18038299756843726_3343549511451478769_n
438128747_18038299774843726_6485398818871946661_n
438128536_18038299747843726_7366870107304122227_n 438096373_18038299813843726_4132125349791637961_n 438099574_18038299756843726_3343549511451478769_n 438128747_18038299774843726_6485398818871946661_n