12-18-февраль аралыгында Ысык-Көл жергесинин Оргочор айылынын мектеп окуучулары Салымбеков Университетинин колдоосу менен өтүп жаткан “Агартуу лигасы” билим берүү долбооруна катышты.
⠀
Тренингтердин алкагында окуучулар убакытты пландоо, максат коюу, чечендик өнөр, критикалык ой-жүгүртүү ыкмаларын үйрөнүү менен бирге ой-өрүшүн кеңейтишти.
⠀
Катышуучуларды Салымбеков Университетинин ректору Эсенгелди Жумадилов агартуучу тренингтерди ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, мындан кийинки илим сапарында ак жол каалоо менен сертификаттарды тапшырды.
⠀
Агартуу лигасынын жумалык тренингдерине 300дөн ашуун окуучулар катышып, акыл куржунун заманбап билимдер менен толтура алышты. Бардык катышуучуларга кең билим сапар каалайбыз!