Салымбеков Университетте КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө тилдик маселелер” аттуу семинар-тренинг өттү.
Семинар-тренингте КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек, КРнын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Капалбаев Октябрь, Министрлер кабинетинин алдындагы Котормо борборунун директору Абдыжапар у Мундузбек, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарларынын катчылыгынын спичрайтери Абылкасымова Тамара баяндама жасашты.
Семинар-тренинг процессинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тилди үйрөнүүдөг жана котормо тажрыйбаларынан бөлүшүү, пикир алышуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, кыргыз тилинде жазуу иштерин жүргүзүүдө кетирилген типтүү каталарын үстүндө иштөө багытында кеп кылынды.

351119908_755607022971725_1691774557234422977_n
352061915_266752645763338_2053831216198692955_n
351011418_1642710419574218_4474311527900552917_n
351171961_2186469758207559_1998971877070099900_n
351119908_755607022971725_1691774557234422977_n 352061915_266752645763338_2053831216198692955_n 351011418_1642710419574218_4474311527900552917_n 351171961_2186469758207559_1998971877070099900_n