“Кыргызстандын мыкты студенти” Республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.⠀
Сыйлоо аземде өлкөнүн бардык аймактарынан келген эң активдүү жана окууда ийгиликтерди көрсөткөн студенттерге ар кандай даражадагы атайын Ардак грамоталар жана төш белгилер тапшырылып, китептер белекке берилди.⠀
Сыйлыктарды коомдук жана саясий ишмер Медеткан Шеримкулов, коомдук ишмер, меценат, Салымбеков Университеттин негиздөөчүсү Аскар Салымбеков тапшырышты.
_
“Кыргызстандын мыкты студенти” сынагы “Керемет Холдинг” тарабын демилгеленип Кыргызстан жаштар конгресси жана Салымбеков Университеттин колдоосу менен өтүп жатат.