Эл аралык IT жана бизнес колледжинин студенттери DocLab патологиялык лабораториясы үчүн сайттын демо версиясын презентация кылышты.
⠀
Долбоордун акыркы презентациясы июль айына белгиленген. Анда студенттер колдонууга даяр толук иштелип чыккан жана оптималдаштырылган сайтты көрсөтүшөт.
⠀
Жеңүүчүлөр Калифорнияга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул студенттер үчүн алдыңкы IT-компаниялар, бизнес-инкубаторлор жана технологиялык индустриянын борборундагы инновациялык стартаптар менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк. Студенттерибиз биринчи курста эле мыкты жыйынтыктарга жетишип жатышат.