Нежметтин Эрбакан атындагы университеттик клиниканын урология бөлүмүнүн ординатору Нурманбет Туралиев медицина факультеттин студенттери үчүн лекция өттү.
Нурманбет Туралиев Түркияга резидентурага кабыл алуунун негизги этаптары менен бөлүшүп, керектүү документтер, адистикти тандоонун жол-жобосу жана чет элдик студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Ошондой эле Түркиянын саламаттыкты сактоо системасындагы студенттер үчүн стажировка, изилдөө иштери жана башка мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолорго жооп берди.