10-ноябрь Кыргызстандын Жаштар күнүнө карата Салымбеков Университетте “Акыл таймаш” интеллектуалдык таймашы өттү.
Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Салымбеков Университеттин Эл аралык IT жана бизнес колледжинин директору Нурзат Жунушалиева жаштардын күнү менен куттуктап, оюнчуларга каалоо-тилегин айтып, таймашты ачып беришти.
Оюнга жогоркуу окуу жайлардын студенттеринен турган 15 команда катышты. Таймаштын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын тарыхынын негизинде даярдалган суроолорго жооп берип, алган билимдерин да бир ирет тастыкташты.
Жыйынтыгында алдыга оозуп чыккан тайпаларга байгелүү орундарды жана сыйлыктарды Кыргызстан жаштарынын конгрессинин төрагасы Жакшылык Бекназаров тапшырды.
“Акыл таймаш” интеллектуалдык оюну Кыргызстан жаштар конгресси тарабынан уюштурулуп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Агартуу лигасы” жана Салымбеков Университеттин колдоосу менен өттү.

401003073_18020293228843726_5260215995326893522_n
400979378_18020293225843726_5529670583436101678_n
401080898_18020293210843726_2617944920534122444_n
401003073_18020293228843726_5260215995326893522_n 400979378_18020293225843726_5529670583436101678_n 401080898_18020293210843726_2617944920534122444_n