Салымбеков Университеттин Эл аралык IT жана бизнес колледжинин студенттери Нурбаян Нурбекова жана Аделина Бейшеева “Жаштар, шайлоо жана адам укуктары” аттуу университеттер аралык поэзия сынагына катышты. Сынакта студенттерибиз укук, милдет, жаштар боюнча жазган ырларын бөлүштү.
Поэзия сынагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте өткөрүлгөн.