Эл аралык медицина факультетинин студенттери кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана Кыргызстандын географиясы боюнча биринчи мамлекеттик сынакты тапшырышты.
⠀
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценттеринен турган комиссия сынак тапшыруучулардын билимине жогору баа берди. Студенттер эң жогорку бааларды алып, мыкты даярдыктарды көрсөтүштү.
⠀
Студенттерибиздин окуусунда мындан ары да көрүнүктүү натыйжаларга жетишип, илимий бийиктиктерди багындыруусун каалайбыз! Силердин шык-жөндөмүңөрдү тынымсыз өркүндөтүп, медицина тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү, татыктуу кызматкерлерден болуп чыгышыңарды каалайбыз.