Салымбеков бизнес мектебинде жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык курстарынан билим алып, тестирлөөдө алтын сертификат жана эң жогорку балл алган окуучуларды сыйлоо аземи болду.
⠀
Сыйлоо аземде окуучуларга Аскар Мааткабылович Салымбековдун мактоо баракчасы тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө «Дордой» ассоциациясынын ардактуу президенти, меценат Аскар Салымбеков абитуриенттерге билим алууда ийгилик каалап, кең келечектүү жаштардан болуп, татыктуу кесиптердин ээси болушун кошумча белгилеп кетти.
⠀
Ошондой эле окуу жылында окуучуларга сапаттуу билим, таалим-тарбия берип, окуучулардын жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алгандыгына кошкон зор салымы үчүн окутуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.

359212825_833972145014311_2853080850890323948_n
359195125_833971935014332_5771183080268269857_n
359210300_833972011680991_3686228074550412563_n
359122407_833976708347188_8579162969876386267_n
359044914_833971921681000_3987261914117481645_n
359212825_833972145014311_2853080850890323948_n 359195125_833971935014332_5771183080268269857_n 359210300_833972011680991_3686228074550412563_n 359122407_833976708347188_8579162969876386267_n 359044914_833971921681000_3987261914117481645_n