Кечээ, 26-июнда «Ала-Тоо» кинотеатрында «Аскар Салымбеков атындагы фонд» коомдук фондунун демилгеси жана каржылык колдоосу менен Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахманов тууралуу тартылган даректүү тасманын жеке көрсөтүүсү болду.