Жакшылыктан үмүт кылган ар бир кыргызстандыктын көз карашында, Кыргызстан 2030-жылга карата экономикасы ар тараптан өнүккөн, киши башына кирешеси жогору, дүйнөлүк коомчулуктун толук кандуу жана активдүү мүчөсү болгон атаандаштыкка жөндөмдүү өлкөгө айланат. Буга жетишүү үчүн негизги байлыкка — адам ресурстарына көңүл буруу керек.
Экономиканын кыймылдаткыч күчү, агартуучу элита илимди жараткан, бизнести каржылаган жана өнүктүргөн, экономиканы жумушчу күч менен камсыз кылган жана глобалдык атаандаштыкка негиз түзгөн илимпоздор, педагогдор, инвесторлор, ишкерлер жана жумушчулар болуп саналат