Директор: Бекназаров Жакшылык Бекназарович
Билими: Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ, Эл аралык укук факультети
Кошумча билимдер:
2012 "Коучингдин негиздери" курсун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификат. «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси.

2014-жыл «Кыргызстандын жаш лидерлери» орто мектебинен артыкчылык аттестат. «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фонду.

2017-жыл Мамлекеттик лидерлер мектебин ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификат. «Абиров» коомдук фонду.

2018 "Чечендик" тренингин аяктагандыгы тууралуу сертификат. «Аскар Салымбеков атындагы фонд» коомдук фонду.

2021 "Борбордук Азиядагы жаштарды ишкердикке окутуу" программасын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификат

2022 “Жаш ишкер” PIK Кыргызстан” акселерация программасынын бүтүрүүчүсү.

2022 "Жарандык билим берүү" академиясынын бүтүрүүчүсү.

Карьера:
2016-2017 «Эргешбаева жана партнерлор» юридикалык фирмасынын директорунун жеке жардамчысы.
2017-2018 «Абиров» коомдук фондунун башкы долбоордук менеджери.
2017 "Керемет Холдинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү.
2018-2019 «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери.
2019-2020 Каракол шаарындагы «Салымбеков бизнес мектеби» билим берүү борборунун башкы директору.
2020-2022 «Салымбеков бизнес мектеби» билим берүү борборунун республикалык башкы филиалынын директору.

Жетишкендиктери, сыйлыктары:
2020 "КМШнын мыкты студенти" эл аралык жаштар сыйлыгынын лауреаты.
2020 Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган.
2021 Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2021 Түрк Кеңешинин Үчүнчү Жаш Лидерлер Форумунун Ыраазычылык баракчасы.
2022 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.