Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнүн алкагында патологиялык физиология мугалими Дарья Талант ачык сабак өткөрдү. Ага медицина факультетинин 2-курсунун студенттери катышты. Ошондой эле бул сабакка Эл аралык медицина факультетинин деканы Уметалиева М.Н дагы катышты.
⠀
Сабактын жүрүшүндө студенттер онкологиянын актуалдуу көйгөйлөрү жана рактын алдын алуу боюнча презентация жасашты.