Салымбеков Университеттин жетекчилиги Германиядагы Кёльн Университетине барды. ⠀
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлдү. Келечекте Salymbekov University Кёльн Университети менен орток изилдөөлөр, студент алмашуу, орток операциялар, дарылоо багытында иш алып бара турган болду. Дүйнөгө белгилүү врач, профессор Axel Heidenreich жылуу кабыл алып, жакынкы арада Кыргызстанга келүүгө макулдугун берди. Билимге багытталган жол - миң жылга багытталган жол.