Нарын облусунун райондорунан биология жана химия сабактарынан берген 280дей мугалим STEM жана Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо багытында методикалык колдоо көрсөтүү курсунан өтүштү.
⠀
Билим сапатын көтөрүү Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Салымбеков Университеттин Нарын шаарындагы билим жана инновациялык борборунда уюштурулуп жатат.
⠀
Мугалимдерди Салымбеков Университеттин ага окутуучулары Айзада Макешова, Гулина Батракеева, билим жана инновациялык борбордун директору Адилет Абдыбачаев окутушту.