Билим сапатын көтөрүү максатында Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов дун демилгеси менен Салымбеков Университеттин Нарын шаарындагы билим жана инновациялык борборунда мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү, квалификациясын жогорулатуу курстары болуп өттү.
⠀
Нарын облусунун райондорунан жана Тогуз-Торо районунан математика жана кыргыз тили сабактарынан берген 110дой мугалим Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо багытында методикалык колдоо көрсөтүү курсунан өтүп, сертификаттарга ээ болушту.
⠀
Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов квалификациясын жогорулатып жаткан мугалимдер менен жолугуп, балдардын билим сапатын көтөрүүдө натыйжа көрсөтүп берүүлөрүн өтүнүп, мотивациялык кеп-кеңештерин дагы берип кетти.