Салымбеков Университетине болгон иш сапарынын алкагында мээ ооруларын дарылоо боюнча Сиань кытайлык салттуу медицина ооруканасынын ректору Сун Хуцзе баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүп, дарылоонун алдыңкы ыкмалары менен тааныштырды.
⠀
Жолугушуунун жүрүшүндө Сон Хуцзе биздин студенттер, мугалимдер жана клиниканын медициналык кызматкерлери менен Сиань ооруканасынын тажрыйбасына жана практикасына негизделген мээ ооруларын диагностикалоо жана дарылоо боюнча инновациялык ыкмаларды талкуулады. Ал бейтаптарды дарылоодо эң жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн салттуу кытай медицинасын заманбап медициналык ыкмалар менен интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.