19-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги менен STEM4ALL өнөктөштөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
⠀
Иш-чаранын максаты STEM коомчулугунда негизги кызыкдар тараптарды аныктоо. ПРООНдун аймактык кеңешчиси иш-чарага катышып, өнөктөштөрдүн демилгелери жана алардын аймактык деңгээлде STEMди жайылтууга болгон кызыгуулары тууралуу көбүрөөк биле алды.
⠀
Салымбеков Университеттен жыйынга «Жалпы билим берүү дисциплиналары» кафедрасынын башчысы Батракеева Гулина катышты.