Бүгүн, 12-октябрда Медициналык билим жана изилдөө институтунун (Индия) расмий өкүлдөрү окуу жайыбызга келип, академиялык, илимий жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуу, илимий басылмаларды жана изилдөөлөрдү биргелешип басып чыгаруу, студенттер менен окутуучулар үчүн алмашуу программаларын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. .
⠀
Жолугушууга Медициналык билим жана изилдөө институтунун жетекчилиги жана Салымбеков атындагы университеттин жетекчилиги катышты. Талкуунун жыйынтыгында академиялык жана илимий чөйрөдө кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.