Испаниянын Барселона шаарындагы Барселона университетинин имаратында Эразмус+ тарабынан уюштурулган “Жогорку билим берүүнүн саясатын реформалоо” темасында жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттердин жылда өткөрүлүүчү эл аралык конференциясы өтүүдө.
⠀
Аталган конференцияга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген эксперттер жана анын ичинде Кыргызстандан барган Мирлан Чыныбаев (И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору), Светлана Сирмбард (Адам университетинин ректору), Амангелди Жумадилов (Салымбеков Университетинин президенти) жана Нургүл Касенова (Улуттук Эразмус+ Кыргызстандагы кеңсеси) жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттер катышууда.
Конференциянын жүрүшүндө Чыныбаев М.К. жана Сирмбард С.Р. баяндама жасашты.
⠀
Конференциянын катышуучулары жигердүү пикир жана тажрыйба алмашып, билим берүүнүн заманбап чакырыктары жана келечеги боюнча пикир алмашууда.