Бүгүн Салымбеков Университеттин президенти Амангелди Жумадилов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери менен жолукту.
Жолугушуу окуу жайдын чоң жыйындар залында уюштурулуп, аны академиянын ректору, философия илимдеринин кандидаты, профессор Алмазбек Акматалиев ачып берип, студенттерге окуудан тышкары билим алуу, көндүмдөрүн арттыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Андан соң, Амангелди Жумадилов келечек кесип ээлерине зарыл болгон универсалдуу билимдер жана көндүмдөр жөнүндө айтып, студенттик кезди пайдалуу өткөрүүгө, дүйнө таанымы күчтүү башкаруучулардан болууга чакырды