Мындан мурда Чунг-Анг университети (Түштүк Корея) менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган, бул илимий алмашуу жана академиялык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
⠀
Өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоо алкагында жакында Салымбеков жогорку медициналык окуу жайдын директору Маана Үметалиева жооп иш сапары менен болду. Иш сапардын жүрүшүндө студенттер жана мугалимдер үчүн келечектеги алмашуу программаларынын деталдары, ошондой эле биргелешкен илимий долбоорлор жана эл аралык конференцияларга катышуу пландары талкууланды.
⠀
Иш сапар Чунг Анг университети менен жигердүү кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн жана эл аралык аренада биздин студенттер менен окутуучулар үчүн медициналык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.
⠀
⠀