Бишкекте онкологиялык ооруларды диагностикалоо боюнча инновациялар талкууланды
7-декабрда Бишкекте онкологиялык ооруларды лабораториялык диагностикалоо боюнча инновацияларга арналган ири иш-чара өттү. Иш-чараны Салымбеков Университети, Micro Solutions компаниясы, ошондой эле DOC Clinic жана DOCLAB уюштурду.
Бул иш-чара Бишкектеги DOCLAB аттуу эң ири жогорку технологиялык гистологиялык лабораториянын ачылышына байланыштуу өткөрүлдү. Бул окуя өлкөдөгү заманбап медицинанын өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп эсептелет.
Иш-чарада Салымбеков Университетинин жетекчилиги жана Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Жапония, АКШ, Кытай, Дания, Израиль, Германия жана Түштүк Кореядан келген алдыңкы адистер сөз сүйлөштү. Алар онкологиялык ооруларды диагностикалоо боюнча акыркы технологиялар жана ыкмаларды тааныштырып, бул глобалдык көйгөйгө каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш-чара адистер арасында тажрыйба жана билим алмашуу үчүн уникалдуу аянтча болуп, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана медициналык практикада алдыңкы технологияларды жайылтууга өбөлгө түздү.
Бул окуя медициналык коомчулукта жана жалпы коомдо чоң кызыгуу жаратты. Бул онкологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоодо андан аркы өнүгүү үчүн теманын актуалдуулугун дагы бир жолу тастыктады.