Балдардын туура тамактануусу: ден соолук жана өнүгүү негизи!
Салымбеков Университетинде “Инсан Кидс” бала бакчасы тарабынан уюштурулган семинар өттү. Семинар балдардын туура тамактануусуна арналды. Лекцияны 45 жылдык тажрыйбасы бар сертификатталган нутрициолог, медицина илимдеринин кандидаты Лариса Качыбековна жана Салымбеков Университетинин Жогорку медициналык мектебинин окутуучусу Дария Талант өткөрүштү.
Семинарда талкууланган темалар:
Балдар үчүн тең салмактуу рационду түзүү
Пайдалуу жана зыяндуу азыктар
Ата-энелерге жана тарбиячыларга практикалык кеңештер
Ата-энелер, бала бакчанын кызматкерлери жана педагогдор маанилүү билимдерди алып, талкууларга активдүү катышышты.
Балдардын ден соолугуна кам көрүү — алардын ийгиликтүү келечегинин ачкычы!