
Астана шаарындагы иш сапардын алкагында Салымбеков Университети Astana IT University менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду.
Бул Кыргызстан менен Казакстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Биз төмөнкү багыттар боюнча биргеликте иш алып баруу жөнүндө макулдаштык:

студенттик жана окутуучулук алмашуу

илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүү

IT, инновациялар жана ишкердик багытындагы билим берүү программаларын иштеп чыгуу

санариптик көндүмдөрдү жана эл аралык долбоорлорду өнүктүрүү

Биз бул өнөктөштүк жаңы идеялардын, технологиялык өнүгүүнүн жана Борбордук Азиянын жаш лидерлерин даярдоонун платформасы болооруна ишенебиз.
Astana IT University жамаатына кызматташууга болгон ачык мамилеси жана келечекке болгон бирдиктүү көз карашы үчүн ыраазычылык билдиребиз!