Салымбеков Университет «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана укуктук маданият» тренингине катышты.
ЕККУнун Катчылыгынын жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ЕККУ Академиясы менен биргеликте 2023-жылдын 20-22-июнунда Бишкек шаарында ЖОЖдордун окутуучулары үчүн КРнын «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана укуктук маданият» окуу китеби боюнча тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө коррупциянын, уюшкан кылмыштуулуктун, баңги затын колдонуунун жана кибер кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери талкууланып, бул курс боюнча эффективдүү интерактивдүү окутуу усулдары изилденди.

356235844_824779979266861_7018092693186659722_n
356235844_824779979266861_7018092693186659722_n