15-сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусу менен Ислам Академиясынын салтанаттуу ачылышы өттү.
Өлкө башчысы Академиянын ачылышы билим берүү жана дин чөйрөсүндө жаңы баскыч башталарын белгиледи. Бул мекеме руханий өсүү, илим-билим жана исламдын салттуу баалуулуктарын сактоо символу катары кызмат кылат.
Академия теология жана дин таануу багытында адистештирилген окуу жайы катары түзүлгөн. Кампусунда окуу корпусу, спортзал жана жатакана бар, 400 студент үчүн эсептелген.
Жаңы окуу жай сапаттуу диний билим берүүнү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнү жана заманбап билим стандарттарына жооп берген адистерди даярдоону максат кылат. Салымбеков Университетинин жетекчилиги да иш-чарага катышты.