Салымбеков Университеттин тышкы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Аваз Казаков Астанада өткөн билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча VII Борбордук Азия эл аралык форумуна катышты
Форумдун темасы “Билим берүүнүн туруктуу келечеги – сапат жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк: реалдуулук жана артыкчылыктар”.
⠀
⠀
Аваз Казаков “Билим берүүнүн заманбап дүйнөлүк тенденциялары” I панелдик сессияда “Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн глобалдык чакырыктары жана тенденциялары” темасында баяндама жасады.
Форум билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маанилүү звено болуп саналган Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттик тарабынан уюштурулду.
⠀