Салымбеков Университетинде «Ракты диагностикалоонун жана дарылоонун заманбап ыкмалары» аттуу эл аралык семинар-конференция болуп өттү. Иш-чара Салымбеков Университети жана Кытайдагы Qiqihar Medical University менен биргеликте уюштурулду.
Семинарга университеттин окутуучулары, дарыгерлер жана студенттер катышып, активдүү талкууларга жана тажрыйба алмашууга катышышты. Иш-чаранын алкагында төмөнкү баяндамачылар сөз сүйлөштү:
Профессор Рысбек Абылдаев – Салымбеков Университетинин вице-президенти, профессор
Zhang Keyong – Qiqihar Medical University (Кытай), КПКнын орун басар катчысы
Han Fangbao – Qiqihar тышкы байланыштар бөлүмүнүн директору (Кытай, онлайн)
Li Chunxu – Ооруканаларды башкаруу бөлүмүнүн директору (Кытай)
Wu Ligang – КПК катчысы, Экинчи клиниканын директору (Кытай, онлайн)
Li Xingjiang – Патология бөлүмүнүн директору (Кытай, онлайн)
Wang Jingchun – Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн директору (Кытай, онлайн)
Liu Bo – Экинчи клиниканын директорунун орун басары (Кытай, онлайн)
Yang Yu – Үчүнчү клиниканын директорунун орун басары (Кытай, онлайн)
Баяндамачылар рак ооруларын диагностикалоо жана дарылоонун жаңы ыкмалары боюнча маалымат беришти. Ошондой эле илимий ишмердүүлүккө өзгөчө көңүл бурулуп, эл аралык рецензияланган журналдарга макала жазуу боюнча мастер-класс өткөрүлдү.
Бул семинар билим жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, эл аралык кызматташууну бекемдөөгө жана университеттин илимий потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.