Биз бирге өсөбүз!
Сүйүнүчтүү жаңылыгыбызды бөлүшүүгө кубанычтабыз!
Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык борбору менен кызматташуу келишимине кол койдук. Борбордун урматтуу директору Карабаев Акпараалы Давлеталиевич катышты.
Бул билим берүү процессин жакшыртууга, инновациялык окутуу ыкмаларын киргизүүгө жана жогорку квалификациялуу педагогикалык кадрларды даярдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө карай маанилүү кадам.
Биздин өнөктөштүк төмөнкү максаттарды көздөйт:
Мекемелер арасында тажрыйба жана билим алмашуу.
Биргелешкен тренингдерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүү.
Илимий-изилдөө долбоорлорун өнүктүрүү.
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу.
Бул кызматташтык олуттуу жыйынтыктарды алып келет жана республиканын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенебиз.
Биздин жаңылыктарды көз салып туруңуз, алдыда дагы кызыктуу нерселер көп!