Салымбеков Университетинин студенттери Малайзияга алмашуу программасы менен бара жатышат!
Биз сыймыктануу менен билдиребиз: Салымбеков Университетинин Эл аралык IT жана бизнес колледжинин студенттери уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болушту – Малайзияга жол тартуу!
INTI International University алардын жаңы үйү болуп, алдыдагы 4 ай бою эл аралык алмашуу программасында таптакыр акысыз окушат.
Бул уникалдуу мүмкүнчүлүк баалуу билим жана тажрыйба алууга гана эмес, башка өлкөнүн маданиятына сүңгүп кирип, дүйнөнүн ар тарабынан жаңы досторду табууга шарт түзөт.
Биздин студенттер Кыргызстанды дүйнөлүк билим берүү аренасында татыктуу көрсөтөөрүнө толук ишенебиз!
Аларга ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайлы!