Салымбеков Университети онкологиялык ооруларды так аныктоо үчүн 1,5 млн сом бөлдү
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Онкология жана гематология улуттук борбору, Салымбеков Университети жана DOCLAB онкологиялык лабораториясы онкологиялык ооруларды аныктоону өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында өнөктөштүк келишимине кол коюшту.
Бул келишимдин алкагында Салымбеков Университети 1,5 миллион сом бөлүп, онкологиялык ооруларды так аныктоо үчүн заманбап ыкмаларды жана технологияларды колдонууну колдойт. Бул каражаттар диагностиканы жакшыртууга, оорунун алгачкы стадиясында аныктоо тактыгын жогорулатууга жана бейтаптар үчүн жакшыраак дарылоо болжолун түзүүгө багытталат.
Кызматташтык төмөнкүлөрдү камтыйт:
 Онкологиялык диагностиканын тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновациялык технологияларды ишке киргизүү;
 Билим берүү программаларын өнүктүрүү жана онкология адистеринин квалификациясын жогорулатуу;
 Санариптик технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти жана машиналык үйрөнүүнү медициналык маалыматтарды анализдөөдө колдонуу;
Онкология тармагындагы алдыӊкы адистер жана мекемелер ортосунда тажрыйба алмашуу.
Бул долбоор Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, онкологиялык ооруларды так аныктоонун жана натыйжалуу дарылоонун жаӊы мүмкүнчүлүктөрүн түзөт.