ORCID Community: KG Initiative долбоорунун координатору Гүлнара Жунушалиева Салымбеков Университетинин администрациясы жана окутуучулук-профессордук курамы үчүн семинар өткөрдү. Семинарда төмөнкү темалар каралды:
ORCID – илимий жарыялоолордун авторлорун эл аралык деңгээлде аныктоо системасы
ROR – илимий уюмдарды аныктоо үчүн идентификатор
Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ЦУР) салым кошуу
ORCID аккаунтун каттоо: кадам сайын көрсөтмөлөр
Профилди толтуруу: пайдалуу кеңештер
ORCID колдонуунун пайдасы: авторлор жана уюмдар үчүн
Scopus индекстелген журналдарга макалаларды тапшыруу
Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.