Чет элдик студенттер үчүн тарбиялык лекция!
Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы Салымбеков Университетинин Высшая школа медицины студенттери үчүн тарбиялык лекция өткөрдү.
Иш-чарада чет элдик жарандардын Бишкек шаарында жүрүү тартиби жана мыйзам талаптары боюнча кеңири маалымат берилди.
Студенттер коомдук жайлардагы жүрүм-турум эрежелери, эмгек ишмердүүлүгү жана мыйзам бузуулардын кесепеттери тууралуу маалымат алышты.
«Чет элдик студенттин окуясы» аттуу кыска видеотасма көрсөтүлүп, реалдуу мисалдар келтирилди.
Бул сыяктуу жолугушуулар чет элдик студенттердин коопсуздугун жана мыйзамдуу жашоо шарттарын камсыз кылууга багытталган