Илимий-практикалык кереге кеңеш ийгиликтүү өттү!
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Салымбеков Университети тарабынан уюштурулган “Жасалма акылдын мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө тийгизген таасири жана келечеги” аталышындагы илимий-практикалык кереге кеңеш 28-февралда ийгиликтүү өттү!
Иш-чаранын жүрүшүндө жасалма интеллекттин кыргыз тилине тийгизген таасири, анын мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги тууралуу терең талкуулар жүрдү. Адистер жана окумуштуулар жасалма акылды мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө натыйжалуу колдонуу жолдорун талкуулашты.
Кереге кеңешке IT-адистер, илимпоздор, студенттер жана тил боюнча эксперттер катышып, өз ой-пикирлерин бөлүштү. Жандуу талкуулар жана пайдалуу маалыматтар катышуучулар үчүн чоң мотивация берди.
Бул иш-чара жасалма интеллектти мамлекеттик тилде натыйжалуу колдонуу жана өнүктүрүү боюнча маанилүү платформанын бири болду!
Иш-чаранын сүрөттөрүн кароону унутпаңыз!