Биздин чемпиондорду куттуктайбыз!
Салымбеков Университетинин жетекчилиги Медицина жогорку мектебинин студенттерин 2024–2025-окуу жылындагы межвуздук жана эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкени менен куттуктады!
Биздин келечектеги дарыгерлер университетти татыктуу таанытып, жогорку билим деңгээлин, тырышчаактыгын жана кесиптик өсүүгө умтулуусун көрсөтүштү. Бул жеңиштер студенттер менен окутуучулардын биргелешкен эмгегинин жемиши — ар бириңиздер менен сыймыктанабыз!
Сандар жана фактылар:
17 байгелүү орун:
7 — 1-орун
6 — 2-орун
4 — 3-орун
6 атактуу сынак: педиатриядан философияга чейин
Эл аралык тажрыйбалар
Индия — Sarvodaya Hospital
Түштүк Корея — Chung-Ang University Hospital
Жолугушуу учурунда окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылды:
— Башкы жетишкендиктер белгиленди
— Өнүгүү багыттары аныкталды
— Окутуучуларга жана активдүү студенттерге ыраазычылык айтылды
Университеттин жана Кыргызстандагы медициналык билимдин өнүгүшүнө салым кошкондордун баарына терең ыраазычылык!