Кой-Ташта немец тили мугалимдери үчүн III Борбор Азиялык форум өттү!
2025-жылдын 26–27-апрелинде «Кой-Таш» эс алуу борборунда чет тили катары немец тилин окутуучу мугалимдер үчүн III Борбор Азиялык илимий-практикалык форум болуп өттү.
Форум Германиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан келген адистерди жана окутуучуларды чогултту.
Иш-чараны Кыргызстандын Немец тили мугалимдеринин союзу, Салымбеков Университети, Немец тили мугалимдеринин эл аралык союзу (IDV) жана Борбор Азиядагы өнөктөш уюмдар биргеликте уюштурду.
Форумда Салымбеков Университетинин проректору Аваз Асанович Казаков катышып, куттуктоо сөзүн айтып, бул форум кесиптик өнүгүү жана эл аралык кызматташтык үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи.
Форумдун алкагында мастер-класстар, презентациялар, секциялык сабактар жана DAAD, Гёте институттары, Берлиндеги Эркин университет жана немис басмаканалары тарабынан консультациялар өттү.
Катышуучулар немец тилин үйрөтүүнүн заманбап ыкмаларын жана региондогу билим берүү көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талкуулашты.