Салымбеков Университети x Asan Medical Center (Сеул, Корея)
Эл аралык медицина кызматташтыгы
Салымбеков Университетинин Медицина жогорку мектеби менен дүйнөлүк деңгээлдеги Asan Medical Center клиникасынын ортосундагы кызматташтыктын башталганын кубануу менен жарыялайбыз.
2025-жылдын 16–18-июну күндөрү университеттик Doc University Hospital клиникасынын базасында Түштүк Кореянын алдыңкы дарыгерлери катышкан гуманитардык медициналык миссия өткөрүлдү.
Төмөнкү тармактар боюнча акысыз текшерүүлөр жана кеңештер берилди:
• Педиатрия, Офтальмология (катаракта, птеригиум), Кардиология, Пульмонология, Гастроэнтерология, Үй-бүлөлүк медицина, Хирургия (аз инвазивдүү)
Максаттуу топ: аз камсыз болгон, социалдык жактан аярлуу жана көп балалуу үй-бүлөлөр.
Пациенттерге берилди:
• Акысыз кеңештер жана диагностика
• Лабораториялык анализдер, УЗИ, ЭхоКГ
• Дарыгерлер жазып берген акысыз дары-дармектер
Бул долбоор эл аралык медицина кызматташтыгын бекемдөөгө жана жардамга муктаж адамдарга чыныгы жардам көрсөтүүгө чоң салым кошот деп ишенебиз.
Салымбеков Университети — жакшылык үчүн дүйнөнү бириктирген билим.