Евразия балдар дарыгерлер федерациясынын делегациясы (Кыргызстан — Салымбеков университетинин кызматкерлери, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Улуттук борбор ОМиД жана студенттер; ошондой эле Тажикстандан келген профессорлор) Кытай реабилитациялык медицина коомунун уюштуруусу менен өткөн Түндүк-Батыш реабилитация форумунун "Бир алкак — бир жол" эл аралык конференциясына (2025-ж.) жана Шэньси провинциясынын реабилитациялык медицина ассоциациясынын ар тараптуу академиялык жыйынында өткөн Балдарды реабилитациялоо форумуна катышты (2025-ж.).
Конференциянын пленардык жыйынында доктор, профессор Узакбаев К.А. баяндама жасады. Кыргызстан тараптан секциялык жыйындарда үч доклад жана КММАнын студенттеринин стенддик материалдары көрсөтүлдү. Делегация Сиань шаарындагы баш мээ ооруларын дарылоочу салттуу кытай медицинасын колдонгон эл аралык клиникага барды.
Клиникага болгон сапар учурунда катышуучулар заманбап диагностикалык технологиялар, анын ичинде генетикалык лаборатория, гамма-пычакты колдонгон бөлүмдөр менен таанышышты. Ошондой эле аутизм жана ДЦП дарылоого адистешкен бөлүмдөргө барышты. Кытайлык кесиптештер менен клиникалык учурлар, заманбап дарылоо ыкмалары жана клиникалык-тактикалык ыкмалар талкууланды.
Талкуу маалында салттуу кытай медицинасын (ТКМ) классикалык медицина менен айкалыштыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул ыкма баш мээ ооруларын дарылоодо жогорку натыйжалуулукту көрсөттү. Делегация мүчөлөрү Сиань шаарындагы баш мээ патологияларын дарылоонун деңгээлине жана комплекстүү терапия жолдорун жогору баалашты, айрыкча аутизм жана ДЦП сыяктуу оорулар боюнча. Сапардын алкагында Салымбеков университети менен Сиань шаарындагы баш мээ патологияларын дарылоочу клиника ортосунда кол коюлган эл аралык меморандум боюнча активдүү кызматташуу талкууланды. Ал төмөнкү багыттарды камтыйт:
тажрыйба жана кадр алмашуу,
эки өлкөдө адистерди даярдоо,
студенттердин салттуу кытай жана классикалык медицина багыттарында стажировка өтүүсү,
балдардагы оор баш мээ патологияларын дарылоо жаатындагы биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү.
Мындан тышкары, Салымбеков университетин "Бир алкак — бир жол" медициналык альянсына кошуу маселеси талкууланды.