Нарын шаарындагы Салымбеков Университеттин билим жана инновация борборунда
Нарын районунун билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, мугалим жана окуучуларга “Билим берүүдөгү заманбап тенденциялар, мектеп билим берүүсүнүн келечектеги орду” аталышындагы семинар өтүлдү.
⠀
Семинардын спикерлери:
⠀
Амангелди Жумадилов (PhD), Салымбеков Университеттин президенти – “Билим берүүдөгү заманбап тенденциялар жана 21-кылымда зарыл болгон универсалдуу билимдер”.
⠀
Абдылдаев Рысбек Алдагандаевич (профессор, онколог, медицина илимдеринин доктору), Салымбеков Университеттин вице-президенти – “Медицинадагы заманбап илимий жетишкендиктер жана STEAM багытындагы билимдин зарылдыгы”.
⠀
Билгазиев Эмиль (PhD), Америка Технологиялар Институнун негиздөөчүсү, 15 жылдан ашык Facebook, Instagram, UBER сыяктуу ири компаияларда ага инженер болуп иштеген – «Батыш өлкөлөрүндө билим – бул акча».